www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Түркия Кыргызстанга “Дельта” кайыгын берди

Түркия Кыргызстанга “Дельта” кайыгын берди.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн бүтүндөй акваториясын таштандылардан жана балык уулоочу торлордон арылтып, тазалоого киришти.

Келечек үчүн маанилүү жана масштабдуу иш-чараны расмий түрдө Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ачып жатып: «Көлүбүздү таза сактоодо тарых алдында жана келечек үчүн үлгү бололу» , — деп баса белгилеп айтып, жалпы замандаштарды табигат тартуулаган байлыкты сактоого чакырды.

Алдыңкы 1-2 жыл аралыгында көлдүн суусун толугу менен таштандылардан арылтып, тунук жана дарылык касиети күчтүү ыйык көлүбүздүн көркөмүн, флора, фаунасын сактоодо ӨКМ жана тиешелүү ведомстволор болгон күч-аракетин жумшашат.

Жаңы келген «Дельта» катерин Кыргызстанга гранттык негизде берүү боюнча былтыр министр Бообек Ажикеевдин Түркия мамлекетинин ички иштер министри Суйлейман Сойлу менен болгон жолугушуусунда макулдашылган.

Белгилей кетсек 12-марттан тарта ӨКМдин суучулдары жана ыктыярчылар тарабынан көл суусун тазалоо иши Ысык-Көл облусунун Түп районунуна караштуу Ысык-Көл айылында башталды.

 

​​​​​​​

Последние новости