www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агам лөлү кызды сүйүп калып, бизден кетип калды

Биз төрт бир тууганбыз: үч кыз, бир эркек. Ата-энебиз Орусияда иштеп, баарыбызды окутту, үчөөбүздү турмушка узатты. Кудайга шүгүр, жашообуз абдан жакшы.

Биздин тынчыбызды алып, ойлонто турган нерсе – агамдын турмушу. Кыргызстанда кыздарды жактырбай жүрүп, бир тойдон каяктагы бир лөлү кызды таап алыптыр. Калп сүйлөбөгөн, маданияттуу байкебиз бар эле, азыр аны тааныбай калдык.

Молдого алып барсак, “жүгү өтө оор, тазалаганга көп убакыт керек” десе, барбай койду. Бизден жашырынып лөлү кыз менен сүйлөшөт. Башка кыздарга таптакыр көңүлү жок.

Биз келип, өткөн-кеткенди айтсак, лөлү кызын алып, башка өлкөгө чыгып кетиптир. Эми аны кандай турмуш күтөт?

Булак: Азия News гезити

Последние новости