www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы Республикалык төрөт үйүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан келген жашы жете элек кыз төрөгөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат 19-сентябрда Биринчи Май РИИБдин маалыматты электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Текшерүү ишинин жүрүшүндө кыздын зордукталганы аныкталган.

Бул факты боюнча 26-сентябрь күнү Кара-Көл ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 2009-жылы туулган агасы өзүнүн көрсөтмөсүндө жасаган кылмышын мойнуна алып, 2010-жылы туулган карындашын күч колдонуп, зордуктаганын айткан.

Аталган кылмыш ишине шектүү катары 2009-жылы туулган агасы кармалып, 28-сентябрь күнү Кара-Көл ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Последние новости