www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Агентство" басылмасы жүргүзгөн эсепке ылайык, Украинага куралдуу кол салуу башталгандан бери Орусиядан 150дөн кем эмес журналист чыгып кетти.
Чыгып кетүүнүн негизги себеби - Орусияда аскердик цензуранын киргизилиши. Бир нече күн мурун кабыл алынган мыйзамга ылайык, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу фейк маалымат тартуу үчүн эркинен ажыратуу, армияны "дискредитациялоо" жана анын чет өлкөдө колдонулушунун туура эместигин четке кагуу үчүн алгач административдик айык пул, андан соң кылмыш иши каралган.
Мындан тышкары, көптөгөн сайттар, анын ичинде "Медуза", "Медиазона", Би-би-си, DW, "Свобода" радиосу жана анын долбоорлору жабылган. "Эхо Москвы" радиостанциясы жоюлуп, "Дождь", Colta жана башка басылмалар ишин токтоткон.
"Агентство" белгилегендей, көптөгөн ЖМКларда журналисттердин басымдуу бөлүгү, маселен "Медузанын" Москвадагы редакциясы толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен. "Дождь", "Эхо Москвы" жана "Новая Газетанын" журналисттеринин бир бөлүгү жана чет өлкөлүк ЖМКлардын кызматкерлери Орусиядан кетүүгө аргасыз болушкан. Айрым журналисттер өлкөдөн чыгып кетип жатканын ачык эле жарыялашты.
Алардын арасында "Дождь" телеканалынын башкы редактору Тихон Дзядко, ушул эле каналдын алып баруучусу Михаил Фишман, Republic басылмасынын башкы редактору Дмитрий Колезев жана кино сынчы Антон Долин да бар.
Бул арада армияны дискредитациялоо беренеси менен ондогон административдик иш козголгону жөнүндө маалыматтар түшүүдө. Маселен антисогуштук нааразылык акциясына чакыруу үчүн да жоопкерчилик каралган.
Кемерово соту 6-мартта жергиликтүү жашоочуну ушул берене боюнча 60 миң рубль айып пулга жыккан. Буга чейин Кострома шаарынын тургуну да жоопкерчиликке тартылган. Красноярск соту активист Вера Котовага Владимир Лениндин эстелигине "Согуш болбосун" деген жазуусу үчүн айып пул салган.
Булак: NazarNews.kg