www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги «АБанк» ААК жана «Элдик Банк» ААК менен биргеликте жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасынын ишке киргизилгенин жарыялайт.

2026-жылдын 15-апрелинде Министрлик менен өнөктөш банктардын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Келишимдин алкагында «iDyikan» платформасынын базасында «Фермерлерди жеңилдетилген насыялоо» модулу ишке киргизилди.
Платформа Министрликтин алдындагы «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан.

Жаңы санариптик сервис айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
-онлайн каттоодон өтүү;
-жеңилдетилген каржылоого арыз берүү;
-аралыктан кезекке туруу;
-арыздын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө.

Системаны киргизүү агроөнөр жай комплексин колдоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
«iDyikan» платформасы аграрчылар үчүн бирдиктүү санариптик терезе катары түзүлүп, мамлекеттик кызматтарды жана финансылык инструменттерди электрондук форматта бириктирет.

Келечекте «iDyikan» мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландаштырылууда, бул кызматтарга жана каржылоого дагы да ыңгайлуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

Платформага шилтеме: https://idyikan.agro.gov.kg/

 

Последние новости