www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын президенти Дональд Трампка кат жөнөтүп, Иранга курал жеткирүү тууралуу маалыматтарды четке каккан.
Бул тууралуу АКШ лидери Fox Business телеканалына берген маегинде билдирген.
«Ал (Си Цзиньпин) жакында мага абдан жакшы кат жазды. Ал мен ага жөнөткөн катка жооп берди. Анткени мен Кытай Иранга курал жеткирип жатат деген маалыматтарды уккам — бул тууралуу бардык жерде айтылып жаткан. Мен андан мындай кылбоону өтүнүп кат жазгам, ал болсо муну жасабаганын так билдирди», — деген Трамп.