www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстан аэропорттору” ААК дүйнөлүк алдынкы операторлор — BTA Group жана Helios Duty Free менен кызматташууну улантууда. Бул иштин алкагында BTA Group компаниясынын Башкы директору Бюльбюль Баха жана Helios Duty Free компаниясынын Башкы директору Йылмаз Фарук менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
BTA Group — 17 өлкөдө өкүлчүлүк кылып, 19 аэропортто иш алып барган Food & Beverage сегментинде дүйнөгө таанылган лидерлердин бири болуп саналат. Компания жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн эл аралык стандарттарын киргизүү аркылуу сервистин жогорку деңгээлин камсыз кылып келет.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар учурдагы жана келечектеги өз ара иш алып баруу маселелерин кеңири талкуулашты. Келечектеги ресторандардын дизайн-концепциялары бекитилип, аларды аэропорттордо жайгаштыруу ордулары макулдашылып, ошондой эле негизги операциялык процесстер —логистикалык камсыздоодон тартып, товарларды кабыл алуу жана жеткирүү жол-жоболоруна чейин иштелип чыкты.
Эл аралык бренддерди көбүрөөк тартууга өзгөчө көңүл бурулду. Өнөктөштүктүн алкагында эки Burger King ресторанын, Costa Coffee, Brewmark, Cakes & Bakes жана ENZO сыяктуу бир катар белгилүү франшизаларды ачуу пландалууда. Бул долбоорлорду ишке ашыруу менен жүргүнчүлөр үчүн сервистин деңгээлин жогорулатууга жана сунуштардын түрүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.
“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын жетекчилиги авиациялык эмес кирешелерди көбөйтүүнүн стратегиялык маанисин белгилеп, кызматташууну масштабдоо боюнча кийинки кадамдарды аныктады. “Атап айтканда — Ош, Каракол шаарларындагы, Тамчы айылындагы (Ысык-Көл) аймактык аэропорттордо эл аралык франшизаларды ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда”, — деп билдирди “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын коммерция боюнча директору Аман Мамаев.