www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Айтматов районунун жана Талас шаарынын бир катар тургундары радикалдуу диний идеологиядан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Калкты диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүнө тартууга жол бербөө максатында, Талас облусунун казыятынын жана ИИБдин өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү-профилактикалык иштери уюштурулду.

Жыйынтыгында Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынын айрым тарапкерлери өз көз караштарынан кайтышты.

УКМК кошумчалагандай, аталган жарандар өздөрү тандаган диний багыттын туура эмесин моюнга алышып, жарандарды салттуу исламдын нормаларын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын талаптарын сактоого, ошондой эле коомдо туура эмес диний ишенимдерден улам бөлүнүп-жарылууга жол бербөөгө чакырышты.

Последние новости