www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен түзүлгөн жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан 33 жыйналыш өткөрүлдү. Иштин жүрүшүндө 1 707 көйгөйлүү контурдун 901 схемасы каралып чыгып, 84 контур боюнча чечимдер кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө тиешелүү чечимдер Бишкек шаарында, Ош областынын Кара-Суу жана Араван райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад областынын Манас шаарында жайгашкан айрым контурлар боюнча кабыл алынган.

Ошону менен бирге, жер участокторун белгиленген тартипте легалдаштыруу боюнча акыркы чечимдер райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы жер мунапыс боюнча жергиликтүү комиссиялар тарабынан кабыл алынат. Мамлекеттик комиссия өзгөчө чечимди талап кылган айрым маселелерди карайт.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

 

Последние новости