www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро менен жолугушту.

Жолугушууда JICA менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы, ишке ашырылып жаткан долбоорлор, алдыдагы пландар жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Депутат Талайбек Масабиров акыркы жылдары кыргыз-жапон кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, эки мамлекет бардык багыттарда, анын ичинен саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана инфраструктура тармактарында активдүү иш алып барып келе жатканын билдирди.

Ошондой эле JICA уюму 2024-жылга чейин Кыргызстанга 218 млн АКШ доллары өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөткөнүн эске салган Талайбек Масабиров ар тараптуу колдоо үчүн уюмдун жетекчилигине ыраазычылыгын айтып, калыптанган мамилелер мындан ары да бекемделе берет деген ишеничте экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Нишигата Котаро дагы эки тараптуу келишимдерди өз убагында ратификациядан өткөрүп берип жаткандыгы үчүн кыргыз парламентине ыраазычылык билдирип, анын натыйжасында Жапонияда жалпы суммасы 44,6 млн АКШ долларына жеткен 4 гранттык макулдашуу каттоодон өткөнүн маалымдады.

Тагыраагы, Кыргыз Республикасында электр тармактарын эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо, социалдык-экономикалык өнүгүү программасы, түштүк аймактардагы медициналык мекемелердин жабдууларын жакшыртуу долбоору, ошондой эле Бишкек-Ош жолунда Нарын дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо долбоору бекитилгенин айткан Нишигата Котаро алар боюнча жакынкы арада жумуштар башталарын белгиледи.

Мындан тышкары быйылкы жылга каралган иш-чаралар тууралуу да кеп кылып, жай айларынан баштап Кыргызстандагы жүрөк хирургиясы жана онкология тармактарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында заманбап жабдуулардын алгачкы партиясы келе турганын да билдирди.

Последние новости