www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарды жана мэрияны Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин урматына аталган Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн аталыштарын туура айтууга чакырды.
Анын айтымында, көптөгөн көчөлөр кыргыз тилинде «Ахунбаева», «Токтоналиева», «Абдумомунова», «Токтогула», «Масалиева» деп айтылып жүрөт. Кыргыз тилинде көчөлөр: Ахунбаев көчөсү, Токтогул көчөсү деп айтылышы керек.
Спикер шаар көчөлөрүнүн аталыштары мамлекеттик тилде жазылышы керектигин белгиледи.