www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АИ-92 бензинин субсидиялоонун эсебинен айына 150 литр күйүүчү май керектеген бир айдоочуга мамлекеттик колдоонун көлөмү 4 632 сомду түзөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда мамлекеттик субсидиянын өлчөмү АИ-92 бензини үчүн литрине 30,88 сом, дизель майы үчүн 42,27 сом жана автогаз үчүн 5,38 сомду түзөт.

Министрликтин эсептөөсүндө, айдоочу күнүнө орточо 5 литр АИ-92 бензинин керектесе, бир айда болжол менен 150 литр күйүүчү май сарптайт. Ага берилген субсидиянын көлөмү төмөнкүдөй эсептелет:

150 литр × 30,88 сом = 4 632 сом.

Мамлекеттик колдоо жарандардын күйүүчү майга кеткен чыгымдарын азайтууга жана автоунааны пайдаланууга байланыштуу каржылык жүктү жарым-жартылай жеңилдетүүгө багытталган.

Мындан тышкары, мамлекеттик борбордун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын автотранспорт каражаты катталган. Анын болжол менен 1,2 миллиону жеңил унаалар, 300 миңге жакыны жүк ташуучу унаалар болуп саналат.

Последние новости