www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажысынын кызматкерлери Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражатын мыйзамсыз ташып кирүү каналына бөгөт коюшту.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1999-жылы туулган К.И.Э., 2000-жылы туулган Б.М.Т. жана 1999-жылы туулган Б.у.К. аттуу үч жаран кармалган.

Учурда тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда. Алардын алкагында баңгизат каналынын башка катышуучуларын, баңгизаттарды жана психотроптук заттарды ташып келүүнү жана сатууну уюштурган адамдарды аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу башка фактыларды табуу иштери жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости