Аялымдын 23-февралга берген белегин 14 жыл күткөм
Турмуш  |   |  5810

Үч жыл мурун, 23-февралда аялымдан алган белегимди эч качан унутпайм. Азыр ал белек жанымда. Кудум өзүмө окшош. Суктанып эле карап отура бергим келет. Бул үчүн өмүрлүк жубайыма рахмат. Төрт уулубуз бар. Төртөөнүн экөөсү эгиз. Үйдүн кебетесин айтпасам деле элестетип турсаңар керек.

Кыскача сүрөттөп берсем, кой сарайыбыз тазараак. Бир жылдары ремонт жасап, дубалдардын баарына обои чаптап чыкканбыз. Кичүү уулубуз жөрмөлөп баштагандан кийин дубалдардын жарымы жылаңач калды. Колу жеткен жердеги обоинин баарын жулуп ыргытты. Аялым экөөбүз ошондо ыза болуп, балдар чоңоюп, өзүнчө бөлүнүп кеткиче ремонт кылбайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Улуусу 14кө чыкты. Инилерине кошулуп алып, алардан кичинекей болуп кетет.

Бирок, уулум боорукер, ооруп жатып калсам, байкатпай келип чекемди кармап, үстүмө жууркан жабат. Ойгонуп алып сен жаптыңбы десем, жок деп мойнуна албай коет. Намыскөй да. Бешинчи ирет ата болот экенимди уккандан бери сүйүнүчүм койнума батпай жүрдүм. Мурда жумуштарым болуп калып келинчегим менен УЗИге барган эмесмин. Бул жолкусунда бир ай мурун жумуштан суранып койдум. «Куттуктайбыз, уулдуу болосуздар!» УЗИ тарткан жаш кыз ушинтип айтты. Көңүлүм түшүп калды. Таң калыштуучу келинчегим капа болгон жок. УЗИдеги кыз менен бир нерселерди - Сен деле бул жолкусу кыз болсун дебедиң беле, анан эмнеге кубанып жатасың?

- Жөн эле. Уул деле жакшы.

- Ооба, бирок... Макул, жүр кеттик. Жол бою мени карап күлүп келди. Эч нерсе түшүнгөн жокмун. Толгоосу башталды. Бейтапканага алып жөнөдүм. «Жанымда кетпе», - деди. Буга чейин сыртта эле күтүп турчум. Макул болуп ичине кирдим. Медайымдар халат беришти. Аялымдын онтогонун көрүп өзүмдү коерге жер таппай жаттым. Эмне кылып жиберсем экен деп эки жакка чуркайм. «Тоскоол болуп жатасыз», - деп акушер урушат.

Мына, уулумдун үнү жаңырды. Төрөт кабыл алган акушер медайымга «3 кг 840 гр, түнкү саат 01:00, 23-февраль», - деп айтып, кайра мени карап «майрамыңызга сонун белек болду, кызыңызды алыңыз», - десе болобу. Адашып калдыңар уулум десем, аялым ары жактан «сюрприз» деди. Оозумду эки колум менен жаап алып ыйлап кирдим. Акылынан тайган немедей ары-бери баса бердим. Жашым токтобойт. Аялым «атасынын төшүнө жаткыргыла», - деди. Мени жетелеп барып кушеткага жаткырышты. Көкүрөгүмө кызымды коюшту. Токтобой ыйлай бердим. Кызым, атаң сени 14 жыл күттү. Кош келдиң, берекем. 

Булак: Bilesinbi.kg

Поделитесь с друзьями