www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эркектерде абийиир да калбадыбы! Тыйып койгон жигиттер барбы ушул сүрөттөгү «Ажыкызды»! Балее бастыго! Мындай пикирин саясатчы Надира Нарматова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Гейлер, ЛГБТлар акча төлөп, ушул кишини да жолдон чыгарыптыр да тообо кылдым. Турушун! Кебетесин!

ЛГБТлардын «дежурный» митингичилери бул тейтейген чалга ушундайд үйрөтүшүптүр деп түшүнсөк болчудай. Маскарапозчулук! Келесоолук!

Кыргыз жигиттеринин ар намысына шек келтиргендик! Кана эр жүрөк, намысы бар, Манастын духу бар кыргыз жигиттери! Ушул жагабы силерге кыргыздын жигиттери! Кыргыз эркектерде абийиир да калбадыбы! Тыйып койгон жигиттер барбы ушул сүрөттөгү «Ажыкызды»! Балее бастыго!

Коррупция менен ушинтип күрөшөбү? Жылаңач аялды бастырып, ич кийимдерди асып, жазган чакырыктары менен тарых музейде, кыргыздын аялзатын жер каратып, нарк насилди тебелеп, маскаралашты эле. «Түшүнбөйсүңөр мырктар бул искусство», - деп күйдүрүшкөн.

Эми эркектерди аялча кийинтип, көчөгө коюп,кыргыз жигиттеринин ар намысын тебелеп жатпайбы!

«Митингге чыгуунун жаңы ыкмасы. Искусство имиш». Ушул эми адам укугун коргоо же демократиябы? Батыштан каржыланган НПОлор жинди кылат кыргыздарды. Оюндагысын жасап, бүт дүйнөгө маскара кылып бүтүштү. Темирдей тартип киргизбесе, эртең көбөйүп чыгат. Ойлонгула кыргыз жигиттери. Намыс барбы?!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости