www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялзатынан көп адамдар мамлекет башчылары болгон. Алардын баарын тизмелеп отурса, барак деле чак келбейт. Аты тарыхта калган жана азыркы замандагы мамлекетти башкарышкан аялзаты булар:

Мернейт — фараон катары Египеттин падышасы (биздин заманга чейин XXIX к.).

Зарина — сактын падышасы (биздин заманга чейин VII — VI к.)

Томирис — сак-массагеттердин падышасы (биздин заманга чейин 570—520)

Клеопатра I (204—176 ) — Мисир падышасы (биздин заманга чейин 180—176 )

Альбия Домника — Чыгыш-Рим императору (378—379).

Ханум — Бухара башкаруучусу (674—710).

Ольга (?—969) — Киев Русунун княгинясы, (945— 960).

Матильда (1102—1167), Англиянын королевасы (8 апрель 1141—7 декабрь 1141).

Тамара (1165—1209/1213), Грузин падышасы 1184— жылдан.

Жанна I (1292—1330) — Франция королевасы.

Мария I Стюарт (1542—1587) — Шотландия королевасы (1542—1567).

Ирина Годунова (1557—1603) — Орус падышасы.

Мария Медичи (1575—1642) —Франция королевасы.

Фатима-Султан — Касым Хандыгынын башкаруучусу (1679—1681).

Екатерина II (1729—1796) Орусия императору 1762—жылдан.

Елизавета II (1926) — Улуу Британиянын королевасы (6 февраль 1952—жылдан).

Индира Ганди (1917—1984) — Индиянын премьер-министри, (1966—1977 жана 1980—1984).

Мария Эстела Мартинес де Перон ( 1931) — Аргентинанын президенти (1974—1976), биринчи аял — президент.

Маргарет Тэтчер (1925—2013) — Улуу Британиянын премьер-министри (1979—1990).

Беназир Бхутто (1953—2007) —Пакистандын премьер-министри (1988—1990 жана 1993—1996).

Прунскене, Казимира Дануте ( 1943) —Литванын премьер-министри (1990—1991)

Чиллер, Тансу (1947) —Түркия премьер-министри (1993—1996)

Ангела Меркель (1954) — канцлер (Германия) ( 22 ноябрь 2005).

Элен Джонсон-Серлиф (1936) — Либериянын президенти (16 январь 2006 жылдан).

Мишель Бачелет (1951) —Чилинин президенти (2006—2010, 11 март 2014).

Пратибха Патил (1934) —Индиянын президенти (2007—2012).

Даля Грибаускайте ( 1956) —Литванын президенти (12 июль 2009).

Отунбаева, Роза Исаковна (1950) —Кыргызстандын президенти (2010—2011).

Чинчилья, Лаура (1959) —Коста-Риканын президенти (2010—2014).

Дилма Русеф ( 1947) —Бразилиянын президенти (1 январь 2011 жыл).

Эвелине Видмер-Шлумпф (1956) — Швейцария президент (2012—жылы гана).

Джойс Банда ( 1950) —Малавинин президенти (2012—2014).

Пак Кын Хе ( 1952) —Кореянын президенти президенти (2013—2017)

Катрин Самба-Панза (1954) — БАРдын президенти (20 январь 2014).

Лаймдота Страуюма ( 1951) —Латвия премьер-министри (22 январь 2014).

Тереза Мэй (1956) - Британиянын премьер-министри (13-июль 2016—24-июль, 2019).

Колинда Грабар –Китарович, Хорватиянын президенти (2015—жылдан)

Джасинда Ардерн, Жаңы Зеландиянын премьер-министри (2017—жылдан).

Шейх Хасина Вазед, Бангладештин премьер-министри.

Зузанна Чапутова, Словакиянын премьер-министри (2019—жылдын 15-июнунан).

Санна Марин, Финляндиянын премьер-министри, (2019—жылдын декабрынан).

Тамара

Тамара Грузиянын падышасы 1166-жылы туулуп, 1213-жылы дүйнө салган. Тамара 1178-жылы такка отурат, ал бийлеген жыл Грузиядагы алтын доор катары мүнөздөлөт. «Жолборс терисин жамынган баатырды» жазган Шота Руставели Тамаранын падышачылык учуруна өзгөчө баа берген. Тамара: «Мен жетимдердин атасымын, жесирлерге калысмын» - деп айтып өткөн. Хан сарайда грузин тилине өзгөчө маани берип, таланттуу адамдарга кам көргөн.

Екатерина II

Кыргыз элинин Орус мамлекетинин көзөмөлүнө өтүү жөнүндөгү алгачкы кадамы 1785-жылга туура келет. Тынай бийдин уулу Атаке баатырдын элчилери жогоруда айтылган жылдын жай мезгилинин башында Чүйдөн чыгып, ошол эле жылдын аяк ченинде Омск шаары аркылуу Петербургга жетишкен. Орусия империясынын падышасы Екатерина II эки жылга жакын создуктуруп болсо да, кыргыз элчилерин кабыл алганы тарыхта белгилүү. Атаке баатырдын бүтүндөй кыргыз журтчулугунун атынан жазган каты азыр деле Санкт-Петербург менен Омск шаарларынын архивдеринде сакталуу.

Индира Ганди

Индиянын көрүнүктүү саясий мамлекеттик ишмери. 1966—1977 жана 1980—1984–жылдары премьер-министр болуп Индиянын башкаруучусу болгон. Индира Ганди Аллахабад шаарындагы Уттар Прадеш аймагында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз, атасы Джавахарлал Неру биринчи Индиянын премьер-министри жана ошондой эле көптөгөн сыйлыктын ээси. Апасы Камала Неру.

Жолдошу журналист Фероз Ганди, Индира Гандинин эки баласы Раджив жана Санджай. Индира Ганди дүйнөдөн кайткандан кийин ордун баласы Раджив баскан.

Индира Ганди 1934-жылы Рабиндранат Тагор элдик окуу жайына тапшырат. 1936-жылы апасынан ажырап окуусун токтотуп Европага кетүүгө аргасыз болот. Индира Оксфордго тапшырып, бирок экинчи дүйнөлүк согуш башталып, кайрадан өзүнүн элине кетүүгө аргасыз болот. 1942-жылы өмүрлүк жолдошу Фероза Гандиге турмушка чыгат. 1944-жылы биринчи баласы Радживди төрөйт. Эки жылдан кийин экинчи баласы Санджай жарык дүйнөгө келет. 15-августта 1947-жылы Индия көз карандысыздыка жетишет. Индира Ганди биринчи премьер-министрдин секретары болуп дайындалат. 1966—1977 жана 1980—1984 –жылдары премьер-министр болуп Индиянын башкаруучусу болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


 

Последние новости