www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Райымбек Матраимовду факты жок жемкорлукка күнөөлөгөн туура эмес. Аны коррупционер деп айтууга дагы негиз жок», - деди бүгүн, 9-мартта NazarNews маалымат агенттигине Коррупцияга каршы элдик көзөмөл бирикмесинин төрагасы Камил Умаров.
«Учурда Кыргызстанда баш аламандык болууда. Күч органдары каалаган адамдарына кылмыш ишин козгоп, каалаган адамын камап жатат. Факты жок кылмыш ишин козгоп, акча өндүрүп, өздөрү коррупцияга барышууда. Мен көп жылдан бери УКМКга, финполго, прокуратурага жемкорлук менен алектенген адамдардын фактылары боюнча документтер менен кайрылдым. Бирок, ушул аралыкта коррупцияга күнөөлөнүп жаткан Райымбек Матраимов боюнча эч кандай далилдерди көргөн жокмун.
Себеби, буга чейин канча фактыларды изилдеп чыктым. Матраимов бай, бирок, бул аны кызмат абалынан пайдаланып бай болду дегенге жатпайт. Байыганы тууралуу башкача изилдөө жүргүзүш керек деп эсептейм. Баарыбызга маалым болгондой эле Кыргызстанда башка бай адамдар көп. Ошол эле мамлекеттик кызматтарда отурган адамдар, аким, айыл өкмөттөрдө. Алардын кантип байыганына асылган эч ким жок. Болгону Райымбекти факты жок күнөөлөп, байлыгына асылгандары туура эмес. Фактысы жок эле аны коррупцияга күнөөлөп, чындыкты чыркыратып жатышат.
Ал эми экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бир жыл изилдеп, факты тапкан жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына маалымат беришкен. Бирок, ошого карабастан Райымбек Матраимов мамлекетке акча төлөп берди. Бул биздин түшүнүктүн төмөндүгү. Биз өзүбүз туура иш жүргүзмөйүнчө Кыргызстан өнүкпөйт», - деди Камил Умаров.
Булак: NazarNews.kg