www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финансы полициясына сурак берип чыкты. Ал сурак маалында эмне сөз болгону тууралуу журналисттерге маалымат берген жок.

Бирок, ал коронавирус күчөгөн маалдагы гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жана өзүнө карата айтылып жаткан мекемелер аралык комиссиянын бүтүмдөрү менен макул эмес экендигин айтты.

«Биз оору күчөгөн маалда күнү-түнү тынбай иштедик. Биз ката кетирдик деп ойлобойм, жоопкерчиликтүү да эмесмин. Мага карата иш козголсо, анан ошонун негизинде жоопкерчилик каралат да», - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Финансы полициясында мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов сурак берген.

Ал эми сентябрь айында мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган.

Эскерте кетсек, Аида Исмаиловадан тышкары мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да 26-январга суракка чакырылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости