www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Салянова жаңы кызматка дайындалышы мүмкүн

Аида Салянова Шахмат федерациясын жетектеши мүмкүн экени айтылууда.

Шахмат федерациясынын башчысы Бабур Тольбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына шахмат белек кылды. Дастан Бекешевдин айтымында, ушундай жол менен федерация парламенттин көңүлүн бул спорт түрүнө бургуусу келет.

Дастан Бекешев Федерация белек кылган шахматты көрсөтүп:

- Бизде азырынча бир дагы гроссмейстер жок. 2012-жылдын март айында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча токтом кабыл алганбыз. Анын аткарылышын профильдик комитетте карап чыгышыбыз керек. Биз дагы бул интеллектуалдык спортту өнүктүрүшүбүз зарыл”, - деп билдирди.

Кийинчерээк депутат өзүнүн Telegram-каналында жакында федерациянын төрагасын шайлоо өтөрүн билдирди.

“Айтымдарга караганда, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова төрага болот экен. Ким келбесин, шахматтын өнүгүшүнө чоң салым кошот деп үмүттөнөм”, - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Салякованын 11 жаштагы кызы Алика шахмат боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону. Ошондой эле ал үч жолу өлкөнүн вице-чемпиону болуп, блиц боюнча дүйнөнүн вице-чемпиону атанып, Борбор Азия кубогунда 3-орунду алган.

Последние новости