www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия тынчтык жолу менен чечкиле дегенге басым жасап жатат. Мындай пикирди саясий эксперт, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов билдирди.
--“Путин менен Рахмондун жолугушуусунан расмий кыска гана маалымат болду. Анда албетте кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чатак талкууланган. Бирок бул жерде орус тарап эч бир жакка басым жасаган жок. Анын себеби катары Кыргызстан да, Тажикстан дагы Орусия үчүн бирдей мамлекет болуп эсептелет. Экөө тең жамаатык коопсуздук келишим уюмунун мүчөсү жана башка. Ал эми Тажикстандын абалы болсо Ооганстадагы кырдаалга байланыштуу. Ал жерден Америка аскерлерин чыгарып жатат.
Ал эми 29-30-апрелдеги окуяларга келгенде тажик тараптын эң бир чектен чыккан аракети Лейлекте куралсыз адамдарга кысым көрсөткөнү, аткылаганы, суу башында чек арачылар менен жүргөн жөнөкөй жарандарыбызды миномёт менен аткылап, көп адам каза болуп кетти.
Албетте муну аныкташ керек, изилдеш керек, далилдеш керек. Негизи Орусия тынчтык жолу менен чечкиле дегенге басым жасап жатат”, - дейт эксперт.
Булак: NazarNews.kg