www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди боштондукка чыгарууга жол ачып жатканынын сыры эмнеде экенин журналист Айданбек Акматов фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Ал өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаров "сөөк өчтү душмандар" экенин айтып, анын себеби да Атамбаевдин убагында Садыр Жапаровдун башына балээнин ар түрү келип, көп жоготууларга учураганы болгон. Ал эми азыркы учурда Жапаровдун бийликте күчү толуп турган чагында Атамбаевди абактан чыгарууга ыңгайын таап берип жатканы, Чүй менен Бишкекте Жапаровдун колдоочулары аз болгондуктан, мурдагы башчыны бошотуп, элдин колдоосун табууга аракет кылып жатат деген. 

Жапаровдун Атамбаевди бошотуусунун себебинин бири катары, журналист: "Кумтөр" ишинде убагында ымдашып калган эки саясатчы "абысын" болуп калганы болушу мүмкүн",- дейт. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости