www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жакында мен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Финполициянын жетекчиси Сыймык Жапыкеевге бир катар коррупциялык схемаларды ачып берем” – деп билдирди Жалал-Абад облусунун экс-башчысы Бектур Асанов жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде.

“Айдар Акаевдин, Максим Бакиевдин убагынан бери иштеп келген коррупциялык схемалар жөнүндө конкреттүү фактылар бар. Бул схемалар азыркы учурда деле бар.

Алар: “Манас” аэропортунда, “Кыргызнефтегаз” ишканасында, Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз петролеум компани”  заводунда, энергосистемада да бар. Учурдагы бийликтин тушунда да иштеп жатат. Бирок, алар “коррупция менен күрөшүп жатабыз” деп жатышат, коррупциялык схемага бөгөт коюуга 3 күн жетет” – деп билдирди Бектур Асанов.

Эске салсак, Бектур Асанов алдыдагы президенттик шайлоого катышууну көздөгөн, бирок БШК ага документтерди кайтарып берди, анткени анын соттуулугу жоюула элек. Ал буга байланыштуу кургак ачкачылык жарыялап, эки күндөн кийин саясатчы досторунун суранычы менен ачкачылыкты токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости