www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай лидери Си Цзиньпин өлкөнүн жогорку аскердик жетекчилигине кайрылып, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө коопсуздук маселелери күчөп жаткан шартта күжүрмөн даярдыкты ар тараптуу күчөтүүнү суранды. Бул тууралуу "South China Morning Post" маалымат булагы жазып чыкты.
Си Цзиньпин Бээжинде Кытай Элдик-Боштондук Армиясынын командирлери менен сүйлөшүп жатып, "Кытай армиясы согушка даяр болуп, өлүм менен кыйынчылыктардан коркпошу керек. Согуштагы жеңиштин ачкычы - чыныгы күжүрмөн даярдыкты күчөтүү. Аскердик даярдык - бул армиянын туруктуу жана борбордук милдети. Бул согуштук натыйжалуулукту жогорулатуунун негизги жолу", - деди ал.
Ошондой эле өлкө башчы Кытайдын аскердик өнүгүүсү жана бүткүл дүйнөлүк кырдаал "жаңы доорго" кадам таштады деп билдирди.
Анын айтымында, Кытайдын Элдик-боштондук армиясы "дүйнөлүк деңгээлдеги согуштук күчкө" айланышы керек.
Буга чейин Си Цзиньпин өлкөнүн аскер кызматкерлерин акылын жана күчүн согушка даярданууга багыттоого чакырган эле. Ал генералдарга жогорку деңгээлде даярдык көрүп, кынтыксыз толук ишенимдүү армия түзүүнү талап кылды.
Кытайдын башчысынын билдирүүсү Пекин менен башка өлкөлөрдүн, айрыкча АКШ менен Тайвандын ортосундагы чыңалуунун кескин жогорулашынын, ошондой эле коронавирус пандемиясынын жана аймактык талаш-тартыштардын фонунда болду.
Гонконгдук аскер эксперти Лян Гуоляндын айтымында, Кытай армиясы Тоолуу Карабахтагы аскерий кагылышуулардын тажрыйбасын, атап айтканда, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууну изилдеп жатат.
Булак: NazarNews.kg