www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгерде Кыргызстанга расмий сапар менен мамлекеттик делегациялар, президенттер келген болсо, анда алар мына ушул мейманканага жайгашат. Мындай пикирин эркин журналист Айданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
“Президенттин иш башкармалыгы Ысык-Көл мейманканасын реконструкциялоо үчүн инвестор чыкпай койду, ошондуктан аны талкалап, ордуна административдик имараттар комплекси курулат деп билдирген.
Бирок инвестор чыкпай койду деген сөз калп болуп чыгууда. Белгилүү себептер менен атын атагысы келбеген жергиликтүү ишкер-инвестордун билдирүүсүнө караганда, алар Ысык-Көл мейманканасын мамлекет жана менчик өнөктөштүк кызматташуу алкагында долбоор жасап, бийликке сунушташкан.
Мына ошол долбоор боюнча Ысык-Көл мейманканасында эң жогорку класстагы (президент) 40 номер даярдалып, алар мамлекет менен биргелешип иштетилмек. Биргелешип иштетүү формуласы төмөнкүдөй сунушталган:
Эгерде Кыргызстанга расмий сапар менен мамлекеттик делегациялар, президенттер келген болсо, анда алар мына ушул мейманканага жайгашат. Андай жогорку даражалуу коноктор жок мезгилде ал кадимки мейманкалардай иштей берет.
Бирок бул сунушту бийлик кабыл алган эмес. Кыязы, алардын ою башкада окшойт. Аларды Ысык-Көл мейманканасынын 4 гектарга жакын жери кызыктырганбы?
Мейманкананы варвардык талкалоо вандализм катары бааланып, коомчулук ага кескин каршы чыкты. Мына ошондон кийин бийлик да сестенип, бузукулук ишин токтоткондой. Анткени бүгүнкү күндө мейманкананын үстүндө талкалоочу техникалар көрүнбөйт”, - деп жазды журналист.
Булак: NazarNews.kg