www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жапаров болсо Тажикстанга бир барам, бир барбаймын деп эмне кылып жатканын өзү да дурустап билбегендей сезилет», - деди бүгүн, 28-июнда NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Айданбек Акматов.
- Айданбек байке, президенттин Душанбеге бара турган сапары түрдүү талкууну жаратууда. Президенттин барганы, маселе чечкени маанилүүбү же айрымдардын пикириндей нейтралдуу зонадан жолугабыз деп көгөрүп тура бериши зарылбы?
-Кыргызстандын Баткен облусундагы карапайым калкына агрессия жасаган мамлекет башчысынын алдына баруу-анын агрессиясын актоо, унутууга тете. Бирок ошол эле учурда сүйлөшүш керек, маселени чечиш керек. Мына ушул жагдайларды эске алып, нейтралдуу зонада жолугушуп сүйлөшүү Кыргызстан калкынын ар-намысына тийбегендей болот эле.
Тажикстан менен маселелерди чечүүгө жетиштүү даярдык көрүлдүбү? Мына ушул жагынан абдан көп кооптонуу жана чочулоо бар. Булардын Ташкенге жасаган сапары учурунда кабыл алынган чечимдер эмне болду? Терең даярдалбаган чечимдер кайра артка чакыртылып алынып, эки өлкөнүн мамилесине да залакасын тийгизди. Жапаров болсо Тажикстанга бир барам, бир барбаймын деп эмне кылып жатканын өзү да дурустап билбегендей сезилет.
Булак: NazarNews.kg