www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровду колдогондордун катары күн санап арбып барат. Социалдык түйүндөрдө президентке кайрылган жарандардын видеолору байма-бай орун алууда. Алардын катарында саясатчылар, коомдук ишмерлер дагы бар. Ал тургай “NazarNews” маалымат агенттигине дагы Садыр Жапаров тууралуу пикирин билдирип келгендер бар. Алардын бири активист жана “Эрк” саясий партиясынын төрагасынын орун басары Айдар Халиков биз менен пикирин бөлүшүп кетти.

- Айдар ага, алгач Садыр Жапаровду эмнеге колдоп жатканыңызды айтсаңыз?

- Мына мен өзүм Өзбекстандан келген этникалык кыргызмын. Айтып кетейин, Өзбекстан, Тажикстан, Кытайдан келишкен этникалык кыргыздын баары билет, Жапаровдун “кайрылмандар” мыйзамын жазганын. Учурда ушул мыйзамдын аркасы менен тарыхый мекенине кайткандардын саны 200 миңге чукулдап калды. Бул Садырдын эмгеги...

- Ошол үчүн эле колдоп жатасыздарбы? Же башка дагы сапаттарын байкай алдыңарбы?

- Садыр Жапаров өзүнүн ак экенин далилдөө үчүн өлкөгө келип, мыйзамсыздык менен кара күчтүн торунда калды. Мына эми аны убагында каматкан Атамбаев өзү эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Ак экени анык болсо эмнеге коркуп, Кой-Таштагы коңулуна бекинип алат. Анын кесепетинен бир аскер өлдү, дагы бир милиция кызматкери ары барып, бери келди. Эми болсо сотко келбей коркутуп жатат. Мунун баарын учурдагы президент көрүп, билип, сезип эле жатат болуш керек.

- Кечиресиз, президент билген күнү деле эмне кыла алат? Балким ал ырайым берүүсү үчүн Жапаров кечирим сурашы керектир?

- Күнөөсү жок болсо эмнеге кечирим сурашы керек. Жапаров 100 пайыз акталып чыгышы керек! Макул президент соттордун ишине кийлигишкенге акысы жок экен, өлкө башчы катары талап кылганга укугу бар да. Эми убагында Жапаровго каршы көрсөтмө бергендер деле азыр айтып жатат го, “бизди УКМКнын кызматкерлери урду, сокту, кыйнашты, ошондон улам жалган көрсөтмө берүүгө мажбур болдук” депчи. Анан жабыр тартты делген Каптагаев деле Садырдын эч күнөөсү жок экенин айтып жатат.

- Учурда Садыр Жапаровду сиз сыяктуу колдогондордун саны күн санап өсүп жатат. Чынын айтыңызчы, каржылоо кайсы тараптан болуп жатат?

- Садыр өзү абакта жатса, ал үчүн кимдир бирөө каражатын чачпаса керек. Анын үстүнө Жапаровду колдогондордун саны миңден эмес миллиондон ашып кетти. Ойлоп көргүлө, ушунча көп адамга акчаны кайдан таап беришет. Менимче эл өз ыктыяры менен чогулуп, Садыр Жапаровду абактан акталып чыгышын талап кылып жатат. Анткени көрүп жатышат да, туура эмес болуп жатканын. Мына, кечээ мен Бишкектеги Жапаровду коргоо штабына бардым, ошол жерде Араван, Ноокаттан келген аксакалдар бар экен. Алар менен баарлаштым, чындап күйүп-бышып алышканын сездим. Негизи, учурдагы бийлик сотторду көзөмөлгө алып, ушул акыбалга жеткирбей эле Садырды актап чыгарышы керек болучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости