www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук бузуу жөнүндө жаңы кодексте бир катар мыйзам бузуу үчүн айдоочулар камала турганы белгиленген.

Бишкек шаарынын Кайгуул милициясынын башкармалыгынын маалымат кызматы 1-декабрда күчүнө кирген кодекстердин үзүндүлөрү менен калкты тааныштырган.

Кайгуул милициясы 193-берене туурасында айтып берди.

17 500 сомдук айып пул автоунааны мас болуп алып айдагандарга салынат, бирок ага альтернатива пайда болду. Тагыраагы, акча төлөбөсө, 30-40 сааттык коомдук иштерди жасайт. Эгерде рулду башкарып жүргөн киши медиктердин кароосунан өткүсү келбей, баш тартса да ушундай жазага кириптер болот.

Дагы бир учур. Айдоочу бир жыл ичинде рулга ичип алып экинчи ирет отуруп, кармалып калса, 20 миң сом айып салынат же 40 саат коомдук иштерди аткарууга мажбур болот. Дагы бир жолу бар — 3-5 сутка камакка алынат. Бул — жаңы норма.

Эгерде автоунааны мас же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга айдаганга берсе, темир тулпардын ээси 15 миң сомго жыгылат.

Абайлабагандыктан мунун кесепети тийип, адамга зыян келтирип, бирок анда кылмыштын белгилери жок болсо, айдоочу 20 миң сомдук айыпка жыгылат. Же жогорудагыдай эле ыкмалар каралат. Тагыраагы, 40 саат коомдук иштерди аткарууга мажбур болот же 3-5 суткага камалат.

Кылмыш жазасы

Кылмыш-жаза кодексинин "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" деп аталган 312-беренесине ылайык, айдоочу этиятсыздыктан башка кишинин ден соолугуна өтө оор эмес жаракат келтирип алса, 20-50 миң сом айып салынат жана эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат.

Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун болсо төмөнкүчө: 100-200 миң сом айып тартат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Буга белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу кошулат.

Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун үчүн төмөнкүчө болот: 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып, ага үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу кошулат.

Бул беренеде автоунааны башкаруу укугунан ажыратып, тагыраагы, айдоочулук күбөлүгүн алып коюу нормасы каралган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости