www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочулар үчүн 4 амал

Айдоочулар арасында популярдуу "За рулем" порталы шаар ичинде автоунаа айдоодогу жардамы тие турган төрт амал тууралуу айтып берди.

"Акжолтой" тилке

Жол тыгынында калып калган учурда автобустар менен жүк ташуучу унаалар кайсы тилкеге өтө баштаганына көңүл буруңуз. Адатта алар кыймыл тез боло турган тилкелерди билишет. Демек, сиз дагы ага өтүп алганыңыз туура.

Алар кайдан билет дебейсизби? Мындай автоунаалардын айдоочулары дайыма бири-бири менен байланышта болушат. Алдындагылар кайсы жол менен жүрүү жакшы экенинен кабар берип турат.

Ручник

Кышкысын ручникти көбүрөөк иштетип туруу зарыл. Антпесе ал суукта жакшы иштебей калышы толук мүмкүн. Бирок аны автоунааны токтоткондо тарткан бойдон калтырып койбой, күнүнө бир жолу тартып, кайра ордуна келтирип коюу жетиштүү.

Рулду алдын ала бурбаңыз

Рулду алдын ала буруп албаңыз. Мисалы, сиз бир тилкеден экинчисине өтүүнү көздөп, рулду буруп алдыңыз дейли. Бирок күтүү учурунда кырдаал өзгөрүп кетип, өз тилкеңиз менен кете берүүнү чечтиңиз. Рулду алдын ала буруп койгонуңузду эстен чыгарып коюшуңуз мүмкүн. Мындай учурда экинчи тилкеде келе жаткан автоунаа менен сөзсүз кагышасыз.

Габаритке көнүү

Жаңы үйрөнүп жаткан айдоочулар автоунаанын габаритин билип алуу үчүн бош желим бөтөлкөнү колдонсо болот. Алгач аны бир аз жалпайтып туруп, кийин автоунаанын алдыңкы оң жана сол дөңгөлөктөрү менен тебелеп көрүүсү зарыл. Бул жайкысын чуңкурлардан, кышкысын жолдо уркуюп чыгып калган муздардан буйтап өтүүгө жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости