www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү жол эрежесин бузган айдоочуларга жазылган айыптын өлчөмүн төмөндөтүүнү колдойт.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөткө айыптын өлчөмүн төмөндөтүү боюнча көп кайрылуу болгондугун билдирди. Чындыгында “Коопсуз шаар” долбоору алкагында орнотулган камералардын жардамы менен айдоочуларды тартипке салуу мүмкүн болду. Бирок, ошол эле учурда айрым жеңил эреже бузууларга айыптардын өлчөмү негизсиз жогору экендигин бүгүнкү өкмөт моюнуна алып жатат. Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы, жарандардын жашоо деңгээли толугу менен изилденген эмес. Ошондуктан, айыптардын өлчөмүн төмөндөтүүнү өкмөт колдой турган болду.

Ошол эле учурда ар бир жаран жолго чыгууда транспорт жогорку деңгээлдеги кооптуу каражат экендигин эске алуусу зарыл дешет өкмөттөгүлөр. Коомдук талкууга коюлуп жаткан мыйзам долбооруна ылайык жол эреженин 8 түрү боюнча айыптарды төмөндөтүү каралып, айыптын өлчөмүн 3 миң сомдон бир миң сомго түшүрүү пландалып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости