www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи айым Айгүл Жапарова жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына колдоо көрсөтүүнү убада кылды. Бул тууралуу ал 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жеңип чыккан аялдарды куттуктоо салтанатында билдирди.

Иш-чараны "БУУнун аялдары" уюштурууда. Аймактардан жаңы шайланган 40тай депутат аялдар катышты. 

Айгүл Жапарова "бүгүн ал аялдар менен баарлашып жатып, алардын көздөрүнөн үмүт көрдү. «Бул дагы биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик. Кеңештердеги 38 пайызга жакыны аял депутаттар. Сиздерге чоң ишеним билдирди, эл сиздерди карап курат. Келечек жана аялдар үчүн квоталардын көбөйүшү сизден көз каранды", — деди.

Биринчи айым келечекте аялдар үчүн 30 пайыздык квота 50 пайызга жеткирилиши керек деп эсептейт.

Жапарованын айтымында, Кыргызстанда четте калган күчтүү аялдар көп, ошондуктан колдоого муктаж. Ал Жогорку Кеңештин депутаттары менен жергиликтүү кеңештердин ортосунда көпүрө курууга үндөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости