www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер органдарында эл менен эң жакын жана тыгыз иш алып барган кызмат аймактык тескөөчү (участковый) экенин баары жакшы билишет. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул аймактык тескөөчүлөрүнүн элге жасаган мамилесинен, жүрүм-турумунан, жумушуна болгон жоопкерчилигинен улам коомчулук ички иштер органдарына баа берээри да бышык.

Бүгүн биз эл менен тыгыз иш алып барып, жашоочулардын ишенимине татыган Чүй райондук ИИБдүн аймактык тескөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Таалайбек уулу Руслан тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Таалайбек уулу Руслан 1990-жылы Чүй районунун Сайлык айылында туулган.

Үй-бүлөдө эки бир тууган. Руслан тубаса, чымыр денелүү, күчтүү бала болгондуктан бала кезинде спортко кызыгып, мүмкүнчүлүгү болгондо машыгуу залдарына барып машыгып калган. Бирок, Кыргыз улуттук агрардык университетинде окуп жүргөндө, спорттун бокс жана күрөш түрлөрү менен машыгып жүрүп, окуу жайды аяктагандан кийин, 2013-жылы ИИОго жумушка кирип, ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун атайын даярдыктагы ротасында кызмат өтөгөн. Айылда чоңоюп, чымыр денелүү кара күчкө толгон Руслан атайын даярдыктагы кызматкер менен курал жарак менен жана мушташтын аскердик түрлөрү менен машыгууларында өзүнүн өжөр сапаттары менен ийгиликтерге жетишип, күч түзүмдөр арасында өткөрүлгөн “күжүрмөн самбо”, “самбо”, “дзюдо” жана “кармашып урушуу” спорттун түрлөрүндө өз күчүн сынап, байгелүү орундарга жетишкен.

Атайын багыттагы полкунда чыдамкайлыкка, шамдагайлыкка жана эрктүүлүккө үйрөнгөн Руслан үйдө ата-энесинин колундагы бала болгондуктан ата-энесине жакын болуу үчүн Чүй райондук ички иштер бөлүмүндө кызмат өтөөгө которулган. Алгач Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн имарат коргоо тобунун милиционери, кийин аймактык тескөөчү болуп которулган.

Учурда Руслан Онбир-Жылга айыл аймагындагы Онбир-Жылга, Прогресс, Маданият жана Кайырма айылдарын тейлейт. Аймагында 6 миңге жакын эл жашайт. Руслан өз аймагын беш колундай билип, баардык жашоочуларын жакшы тааныгандыктан алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө айыл башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бирге дайыма кызматта.

Ал тургай айыл жашоочулары ватсап (WhatsApp Messenger) группаларына кошуп алышкан. Айлда эл арасында эмне жаңылык болуп жатканын эң алгач билип, баардык алдын алуу жумуштарын өз убагында жүргүзүп турат. Руслан Чүй районунун ИИБдө кызмат өтөгөндөн бери кызматкерлер арасында райондук, облустук деңгээлде өткөрүлгөн спорттук таймаштардын баарына активдүү катышып, өз районун алдыга чыгарууга болгон күчүн жумшап келет.

Анын айтуусу боюнча, белбоо күрөш, самбо, дзюдо, кол күрөш, аркан тартыш жана гиря көтөрүү боюнча өткөрүлгөн таймаштарга сөзсүз катышып, байгелүү орундарды камсыздайт. Руслан Таалайбек уулу менен учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э. Алиев атындагы Академиясынын сырттан окуу бөлүмүндө окуусун улантып жатат.

ИИОдо кызмат өтөгөн кызматкерлер билим деңгээли жогору жана физикалык жактын мыкты даярдыкта болуусу зарыл экенин айтып, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо жогоруда сапаттар менен ийгилик жаратууга мүмкүн деген пикирин билдирет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости