www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айнагүл Рыскулбекова: «Бишкекте COVID-19 боюнча абал өтө курч»

Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 195 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 177 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 18 учур.

«Ленин району – 32, Биринчи май району – 31, Октябрь району – 56, Свердлов району – 44 учур. Башка облустардан илдет жуктуруп алган 32 адам каттоого алынды. Клиникалык симптомдору бар 134 адам, ал эми 14 адам симптомсуз кайрылышкан», - деди ал.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада стационарларга 31 адам жаткырылып, 164 адам амбулатордук түрдө дарыланышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости