www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Курак» аялдар форумунун башкармалыгынын төрайымы менен маек.
- Анчалык жеңил эмес учурда аял ишкерлер кырдаалдан кантип чыгууда?
- Ишкер аялдар бизнестин тигил же бул түрү менен алектенген эркектерге караганда, алда канча көбүрөөк жабыркашканын айтсам жаңылышпайм.
Себеби, аялдар негизинен кичи бизнес менен алектенишет. Мындай оор учурда алар эркектерге караганда алда канча аз иштеп, негизги кирешесин үй-бүлөгө жумшашат. Аял бизнесмендер коронавирустук пандемия учурунда чоң жоготууларга учурашкан.
Азыр кичинеден жумушка кайтып жатышат. Анткени аял киши кайсы бир ресурстарга, каржылык колдоо алууда дайыма аярлуу катмар болуп эсептелет, кризис болгондо алар эки эсе азап тартышат.
- Аялдардын бүткүл дүйнөлүк ишкерлик күнүн белгилегени турасыздар. Кандай кызыктуу иш-чаралар мерчемделүүдө?
- Ишкер аялдардын күнүн белгилөө үчүн быйыл жетинчи жолу конференция уюштуруп жатабыз. Программага кызыктуу баяндамачылар катышат. Аймактардан келген кыз-келиндер кесипкөйлүгүнө, тажрыйбасына, активдүүлүгүнө жараша топторго бөлүнүп, бири-бири менен баарлашып, таанышып, иштиктүү байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Биз инвесторлорго, өнөктөштөргө өзүн кантип туура көрсөтүүнү, продукцияны сунуштаганды, бизнес сапаттарды көрсөтүү туурасында айтып беребиз. Ошондой эле бизнес өнөктөштөрдү табуунун жолдору менен бөлүшөбүз.
Конференциянын алкагында аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча жаңы мамлекеттик программаны талкуулайбыз. Аялдар да эркектерден кем калбай салык төлөшөт, ички дүң продукциянын өсүшүнө салым кошушат, ошол эле учурда үйдөгү жоопкерчиликти да ала жүрүшөт.
Ошондуктан аларга мамлекеттик деңгээлде колдоонун мааниси чоң. Эгер аял кишинин ден соолугу чың, билимдүү жана дагы ал ийгиликтүү болсо, мында бактылуу, билимдүү балдар чоңоёт.
- Бул иш-чарада айыл жергесинен дагы ишкер айымдар келерин белгиледиңиз, алардын өнөктөш табуусу канчалык реалдуу?
- Ооба, ишкерлик менен алектенген же бизнес кылууга план түзүп жүргөн баардык айымдар бул иш-чарага катыша алышат. Бул күнү эл аралык өнөктөштөр, элчилер келгендиктен, региондон келген ишкер айымдарга эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр ачылмакчы.
Маселен, БУУнун, Финляндиянын, Агахан, айтор көп. Бул өнөктөштөр Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө кызыкдар. Аянтчада өнөктөш табууга, кайсы бир долбоорлорго катышууга, жаңы нерселерди үйрөнүүгө шарт түзүлөт.
Мындан тышкары, бул күнү өз ишин мыкты билген, рынокто ийгиликтүү иштеп жаткан, баардык кыйынчылыктардан чыгуунун жолун билген, дасыккан ишкерлер кеңештерин беришет. Бизнес жаатында өздөрү басып өткөн жолдорун айтышат, пикир алмашылат.
Булак: Азия News гезити