www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги эң жаш депутат айым, жеке ишкер Турусбек Мамашовдун тун кызы Айсулуу Мамашованын саясатка аралашканына төрт жыл болду. Буга чейин жетекчилик кызматта бир топ жыл иштеген депутат айым, өзүнүн жеке жашоосу, жумушу тууралуу кеп куруп берди. Айсулуу Турусбековна, учурда Жогорку Кеңештеги эң жаш депутат айымсыз.

Саяксатка келүү сиздин кыялыңыз беле?

— Бала кезимде көпчүлүк кыздардай эле доктур болууну самачумун. Себеби бирөө-жарымдын кыйналганын көрүү мен үчүн абдан оор эле, “кантип жардам бере алам” деп жүрөгүм ооручу. Максатыма жетүү үчүн 9-классты аяктаганда медициналык колледжге тапшырып, ЖОЖдун экзамендерине даярданып жүрдүм. Бир жолу практикага өлүкканага алып барышты. Ошол жерден бул кесип меники эмес экендигин түшүнгөм. Көптөн бери кыялданып, даярданып жүргөн кесибим болсо дагы окуй албасымды билдим. Андан кийин психолог болом дей баштадым. Ал эми атам мени экономист катары көрчү. Мектепти аяктаганда Кыргыз-Орус –Славян университетинин психолог адистигине жана атамдын сунушу менен Кыргыз улуттук университетине экономика жана башкаруу бөлүмүнө өтүп кеттим. Бирок атамдын сунушун эске алып экономисттик кесипке ээ болдум. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө мен курбуларымды таптым, алар менен бүгүнкү күнгө чейин жакын мамиледемин. Андыктан бул кесипти окуганыма өкүнбөйм.

Атаңыздын тилинен чыкпасаңыз ал сизди абдан катуу тарбиялаган окшойт?

— Жок, атам абдан жумшак, а апам сыртынан күлүп-жайнап жүргөнү менен катуу, сүрдүү болчу. Сиңдим экөөбүздү өз алдыбызча эч жакка чыгарчу эмес, дайыма жанында алып жүрчү. Үй жумуштарынын баарын үйрөтүп, тазалыкка үндөчү. Бизге эмне керек, эмне керек эмес экенин апам билчү. Бир жолу жок десе, экинчи жолу сурачу эмеспиз. Ата-энемдин сатып берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо дагы бизди ашыкча эркелетип, чойроңдоткон жок. Анын ордуна билимге үндөп, ийримдерге беришчү. Айтор, абдан кызыктуу системада чоңойдук. 15 жашымда апам каза болгондон кийин аябай кыйналдык. Атам апамдын жоктугун билдирбегенге аракет кылды, апамдын баягы тарбиялоо ыкмасын улантып кетти.

Атаңыз 13 жашынан бизнеске аралашса, сиз да андан кем калышпай бул чөйрөгө эрте келдиңиз. Иштин көзүн тапкычакты кандай кыйынчылыктардан өттүңүз?

— Ооба, мен “атама эмне кылып, кантип жардам бере алам” деп көп ойлончумун. Анан 15 жашымда атамдын катардагы жумушчусу катары жумушка келгем. Студент убагымда да бош убактымды текке кетирбейин деп атама жардам берчүмүн. Жыйырма жашымда менеджер болсом, бир жылдан кийин эле өз алдынча жетектей баштадым. Бул мага чоң мектеп болгон. Чоң жамаатта ар кыл жаштагы, ар кандай мүнөздөгү адамдар болот да, алар менен иштөө оор эле болгон. Кичинекей болгонум үчүн “эмне билмек эле” деп кээ бири мени тоготпой да коюшчу. Бир учурда жумушчуларым мени таштап кетип калышкан. Негизи мен алдамчылыкты көтөрө албайм, ичкиликти жаман көрөм. Жумуш убагында жумушчуларымдын чогулуп алып ичимдик ичип жатышканын көрүп таң калып сурасам, бирөөсү “бүгүн менин туулган күнүм” деп калды. Жумуш бүткөндө каалашынча ичүүсүн, бул жумушуна болгон жоопкерчиликсиз мамиле экендигин айтсам, ошол жердеги бир нече адам ордуларынан туруп таарынып кетип калышкан. Алардын баарынын жумушу менин мойнумда калган. Ошондо “колумдан келеби, келбейби” деп коркком, кыйналгам, бирок ошол кырдаал мени такшалтты. Кырдаалдан чыгуу жолу сөзсүз болоруна ынандым. Кайра жаңы команда топтоп алып, алар менен көп убакыт иштештим.

Өзүңүздүн көңүлүңүзгө кайсы жаат жагат, депутат болуубу же жетекчилик кызматпы?

— Экөө эки башка. Бирок азыркы жумушумдан, элге аз да болсо жардам бергенден ырахат алам. Кичинекей кезимде Ата-энем ”эли-жериң үчүн иштешиң керек” деп кулагыма куюп койгон. Жумушум аркылуу жыйынтык көргөзүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Алимент боюнча мыйзам иштеп баштагандан бери күнүгө телефон чалуулар тынбайт, каттар келет. Эгерде бул мыйзам кабыл алынып алимент төлөбөй жүргөн 42 миң ата-эне төлөсө, канчалаган балага жардам берген болобуз.

Саясатта сизге атаңыздын аты жардам береби?

— Мен атамдын кызы экенимди тана албайм, атамдын аты болгону үчүн мага партиялардын сунуш түшкөн. Атамдын эмгегинин, кадыр-баркынын үзүрүн мен көрүп жатам десем болот. Балалуу болгонго чейин саясат жаатында атамдан көп кеңеш сурачумун. Азыр болсо атам менен антип кенен-кесир сүйлөшүп отурууга балдарымдан убакыт ашпайт. Ар бир убактым алтынга тете болгондуктан азыр атам менен өткөргөн убакытты саясат жөнүндө сүйлөшүүгө кетиргим келбейт. Мен жаңы депутат болгондо туугандар менен отуруп калдык. Кой союлду. Эт тартарга келгенде куймулчакты мага берип жатышпайбы. Ошондо атамдын жини келип: “Бул баягы эле Айсулуу, силерден кичүү. Жумушуна карабай мамиле жасашыңар керек. Ушинтип чоңдорду өзүңөр бузасыңар”,-деп урушкан. Атам абдан жөнөкөй инсан.

Апаңыз үчүн пианино ойноону өздөштүрүптүрсүз. Чыгармачылыкка кандайсыз?

— Мен ырдаганды жакшы көрөм. Бирок пианиного кызыкчу эмесмин. Апам кичинекейинен пианино ойноону кыялданчу экен, бирок буга шарты болбоптур. Апамдын көңүлүн оорутпайын деп анын каалоосу менен жети жыл музыкалык мектепте окудум. Маанайы жок болсо эле “ойноп берчи” деп отуруп калар эле. Апамдан айрылгандан бери пианиного отура элекмин…

Карьера менен жеке жашоону алып кетүү оңой болбосо керек?

— Кыйын эле болот экен. Бир балалуу болгондо бир аз жеңилирээк болчу. Биринчи кызымда үч ай декреттик өргүүгө чыккам, экинчи баламдын кыркын чыгарып коюп эле жумушка чыктым. Эртең менен балдарымдын, жолдошумдун тамагын жасап коюп кетем. Күндүз эки маал келип уулумду эмизем, калган убакта кошумча тамак жейт. Күнүгө жумуштан келгенде эки балама тең көңүл бөлүү, сейилдеп келүү керек болот. Балдарым уктаганда үйүмдү жыйнап алам. Айтор, өзүмдүн чачымды кырктырып келгенге убактым жок. Мен жумушка кеткенде кайненем балдарымды карап турат. Кээде сиңдимди жардамга чакырам. Карьера менен жумушту чогуу алып кетүү үчүн өзүңдү курмандык кылышың керек болот экен.

Көп мырзалар аялынын лидер болуусун каалашпайт эмеспи, сиздин жолдошуңуз буга кандай карайт?

— Жолдошум Таластын кулуну, менден беш жаш улуу. Банк кызматкери, финансист. Менин колдоочум, коргоочум, мага аябай жардам берет. Абдан эмгекчил, тың, жөнөкөй, бир нерсени жасайм десе жанталашып кылат. Менин жумушумду “сендей таза адамдар керек” деп колдоп турат. Экөөбүз шайлоо учурунда таанышканбыз. Анан бир жарым жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Мен жумушумду жумушта калтырып, үйгө келгенде жөнөкөй эле аялмын, экөөнү аралаштырган туура эмес. Жолдошум экөөбүз дайым акылдашып иш кылабыз, бирок акыркы чечимди ал чыгарат.

Атаңыздан алган тажрыйбаны пайдаланып өз алдыңызча бизнес ачайын деген оюңуз барбы?

— Бизнесте мен атама жете албайм го. Себеби атам чыгармачыл, креативдүү, идеяга бай адам. Атамда болгон фантазия тилекке каршы, мага жукпай калыптыр. Бирок келечекте билим берүү тармагында бизнес ачуу планымда бар. Айгерим Токтобай кызы

Булак: "Lady.kg"

Последние новости