www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Бүгүн кыргыз киносуна 80 жыл. СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин 80 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү.

Өз почерки, өз чындыгы бар өз кесибинин устаты туурасында жазууну журналисттик жолумда көптөн бери тилек кылып келгем. Каарманымдын тагдыр жолу, кулк-мүнөзү, чыгармачылыгы өзгөлөрдөн өзгөчө. 

Ички сулуулук менен сырткы сулуулук айкалышкан да жаштык көпкө сакталып турат бейм. Кино жаатында канышадай жашоо кечирген КР эл артисти Айтурган Темированын кесипке байланган өмүрү жөнүндө баарлаштык.

Болот Шамшиевдин биринчи музасы

- Кино сиз үчүн...

- Адам баласы эртеңи кандай болору табышмак эмеспи, жашоо ошонусу менен кызыктыр. Кино мен үчүн тагдыр жолумдагы керемет аалам. Тбилиси шаарында Бүткүл союздук кинофестивалынын калыстар тобунун төрагасы Сергей Бондарчук Эң мыкты дебют номинациясын тапшырып жатып: «Айтурган, түбөлүк кино чөйрөсүнө кош келдиң» деп айткан күнү бүгүнкүдөй эсимде. Чындыгында ошондой эле болду.

- Элизабет Тейлор жашоосунда көралбастарга көп учурагандыктанбы, көралбастар кекиртикке тыгылган сөөктөй деп таамай сүрөттөп коюптур.  Айрыкча кыргыздарда көралбастык оорусу күч го...

- Заманыбыздын залкарлары менен диалог курганда «жылдыз оорусу» деген түшүнүк такыр болгон да эмес, дешчү. Сиздин оюңузду уксак...

- Чындыгында биздин доор дейбизби, ал кезде «жылдыз оорусу» дегенди түшүнбөдүк. Олуттуу суроо экен. Өз каалооң менен өз кесибиңди аярлап сүйүү менен этияттык мамиле жасап берилип иштесең жылдыз оорусу не экенин билбей да каласың. Себеби ар бир жаратмандык эмгегиңе баа берүү, сын көз караш менен караган көрүүчүнүн карегинде калып каласың. Ал эми ал көздөр сага алданбайт.

- Ар бир алган ролумду образымдын соңу деп кабыл алам. Андыктан акыркы демим сымал ойноп чыгам деп Зинат Аман айткан экен. Ар бир ролду алаарда сиздеги туйгу кандай болду эле?

- Оболу, бул суроого жооп берерден мурун мени кино чөйрөсү табыштырган устатым, кеңешчим, насаатчым, досум, балдарымдын атасы Болот Шамшиевдин ысымын атап өтпөсөм кыргыз элим мени кечирбейт деп ойлойм.

Мени бир гана Кыргызстанга эмес, бүткүл союзга Айтурган Темирова деген ысымды тааныткан Болот Шамшиев болду. Эгерде Кудай мени бул кишиге туш кылбаса, мен кайда жүрмөкмүн, ким болмокмун азыр аны айтуу кыйын.

- Кандай болгон күндө дагы, Болот Шамшиев өзү айткандай, сиз улуу таланттын биринчи музасы болуп калдыңыз. «Ысык Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы Калича кандай секелек кыз болсо, ошол курагыңызда уникалдуу режиссёрдун өмүрлүк жары болдуңуз, бул тарых. Тарыхты эч ким бурмалай да, чие да албайт. Агабыздын акыркы демин укпай калганыңыз өкүнүч болуп калыптыр...

- Ооба. Тилекке каршы, кечигип калганым арман болду. Бирок уулума: «Энеңер ди сыйлап-урматтагыла, силерди жакшынакай тарбиялап, чоңойтту, Айтурган бирди эки кылган, колу берекелүү, «жок» дегенди билбеген мыкты жар болду, ыраазымын» деп акка моюн сунуп кете бериптир. Айтурган деп шыбырап айткан үнүн уксам кана!!! Аттиң дүйнө.

- Раматылык СССРдин эл артисти Болот Шамшиевди сөз кылып калдык, кино талаасында талапты катуу койчу эле дешет... Тарбия демекчи, улуу устаттын шакирти катары айтсаңыз канткенде кайрадан «кыргыз керемети» жанданат?

- Биринчи кезекте кино тармагынын негизги өзөгүн кантебиз, кандай жол менен бүгүнкү публиканын интелектуалдык жана көркөм деңгээлин көтөрө алабыз?! Чындыкты издөөнүн жолун кантип жөнгө салабыз? Мына ушул суроолордун айланасында жооп таба албай убарамын.

Мына ушул сындуу ойлор түйшөлткө нү түйшөлткөн. Кинонун вазыйпасы- улуттук идеологияны көтөрүү, өлбөс-өчпөс көркөм баалуулуктар аркылуу образ чындыгын кайра жаратуу. Мына бул жүрөк кагышындагы чындыкты ачып берүү.

Эгерде көрүүчүнү тарбиялоо максатта жогоруда сөз кылган чындыкты таасын чагылдырган тасмалар тартылса, ошондо гана көкүрөк көөдөндөгү бук-мына ошол чындык аркылуу элге жетмек. Ал тургай ушундай тасмаларды илгей турган чынчыл кино сынчыларга муктажбыз.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости