www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Абтандил Кулбараков ишкерлерге жардам берилбей жатканын айтты.

«Угушума караганда, азыр ишкерлерге жардам көрсөтүлбөй, шарттар түзүлүп берилбей жатат. Тескеринче аларга тоскоолдуктар көбөйүүдө. Билбейм, туурабы же туура эмеспи, «Аю» ишканасы жабылып калды деп угуп жатабыз. Ал жакта 2 миңден 4 миңге чейин жумушчу иштейт. Ишкананын 1 айдан бери иштебей турганын айтып жатышат. Биз канчалаган салыктан кур калып жатабыз. Кандай ойлосуз?», - деп сурады Кулбараков.

Каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков жооп берүү үчүн Экономика министринин өкүлүнө сөз берди. Карымшаковдун айтымында, бул маселе боюнча Экономика министрилиги саясат жүргүзөт.

«Эгерде кемчилиги болсо, аны жоюп, иштеп, салык төлөй берсин, ушундай туура болот деп ойлойм. Эгерде бардык ишканаларды жаба берсек, салыктар кайдан түшөт», - деди Кулбараков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости