www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы жүз күндө айыл чарбасында үчүнчү министр келди. Чодуев октябрда кетсе, анын ордунда бадыраң айдап оокат кылган Токтогазиев саясаттан улам келсе, эми көлдүк Аскарбек Жаныбеков отурду. Биз башкаларды койолу Орусияга окшош өнөр жайлуу мамлекет эмеспиз,ошол үчүн айыл чарбасы отуруп калса, мамлекет отуруп калат. Деги айыл чарбасы көк бөрүгө түшкөн улактай тытылып бүттү. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул Указ тууралуу өзхүнчө сөз кыларбыз...
Айыл чарба министрлери
Алдамчылыгы менен аты Ала-Тоого угулуп, кээ бирөөнөн бир жарым миллион доллар алып, төлөбөй жүргөн Чодуев тууралуу эмнени айталы. Өзүнүн башындагы чөптү көрбөгөн адамдар же ашынган сынчы, же Чодуевдей ырчы болуп калышат экен. Бир кездеги тияк-бияктан жулуп чогулткан акчалар Чодуевди безге сайып тынчтык бербей жүрдү? Чодуев Жалал-Абад обулусунда пахта иштетем деп бир жарым миллион долларды эмне себептен жеп койду эле? Көрсө, Чодуев Жалал-Абаддагы өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле баштаган экен. Эшикти жапса тешиктен, тешикти бүтөсө эшиктен, баарын чүмбөттөп салса, түндүктөн түшчү Чодуев не себептен мынчалык жигердүү болуп калган. Бирөөнүн таза эмгегин жеген адамдар каргышка калышат дешет. Аттиң, бети калың мындай мырзаларга эч нерсе таасир этпейт го. Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин чоту тескери иштегенинен, анын учурунда азык –түлүк эсеп –чотсуз өсө баштаган. Араванда капуста 1 сомго да бааланбай акыр-чикирге ташталып жатса, башка жерлерде капустадан көзү өткөндөр толтура эле. Капустаны деле көчөнун башына алып барып элге таратып койсо жакшы болмок. Ар бирибиз эл үчүн жашап, эл үчүн иштешибиз керек. Эмне үчүн дыйкандын эмгеги бааланбай жатат? Эркинбек Чодуев баш болуп Жер -Энеге мээрим төгүп, асыроону биринчи ойлобостон эгин эгип, көчөт отургузаарда пайда табууну көздөгөн.
Пандемиядан соң оору күчөп турганда элге жардам бербей, сөккөн Токтогазиев 100 күн болсо да бийликтин даамын татты. Бир гана кара пиарды ойлоп кызматтан алынган Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жакшы иштебегендиктен өлкөдө шекер жана өсүмдүк майынын чектелүү гана көлөмү бар. Кайыңды заводдо 18 миң тонна шекер бар. Кампаларында 8 миң тонна гана калган, бирок алар дыйкандарга таандык. Бул болжол менен 3 айга жетиши мүмкүн. Мунун бирден-бир себеби аткезчилик. Шекер ири көлөмдө Тажикстанга, Өзбекстанга экспорттолгон. Суу майдын запасы 5 ай убакытка жетет. Бүгүнкү күндө чек арада көп көйгөйлүү маселелер бар. Контрабанданын көлөмү 1 млрд сомго чейин жетет. Унду улпак же азык-түлүктүн башка түрү катары катташкандыктан бюджетке акча келип түшпөйт. Оозуна ун сугунуп алгансып мунун барын билип туруп Токтогазиев 100 күн үн катпай турду. Тилек Токтогазиев «Ата-Мекен» партиясын колдоп шайлоо алдында гана чыккан. Балким артында турган күчтөргө таянып, өкмөт башчысын алганга умтулгандыр. Бирок ал Кыргызстанда башкы нерсе тынчтык экенин түшүнүп турабы же жеке амбиция күчтүүбү? Анткени, Токтогазиев айыл чарбасына түкүрүп да койгон жок, анын оюу министр болуу чоң кызматка секирүү үчүн трамплин сыяктуу гана болду .
Айыл чарбасында Талгарбековдун реформасын улаш керек, саясат менен ойносок эл ачка калат
Эми алыстан айыл чарбасы тууралуу кеп кылалы. Союз маалында Кыргызстан дотацияда турган республика болгон. Кыргызстандын бюджетин Москва бөксөртпөй, каржылап турган. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен соң, айыл чарбасын каржылоо үчүн чамасы –чарк болуп, айласы кетип турду. Ушундай маалда жаш реформатор Бекболот Талгарбеков пайда болгон. Талгарбековду көп адам түшүнгөн эмес, айрыкча өмүр боюу компартиянын “токочун” жеп күн көргөндөр карошы чыгып, айрыкча оор кырдаал түзүлгөн. Ошондуктан, Бекболот Талгарбеков “жан алгычка” айланып, партбосстор тарабынан министрликке, вице-премьерликке илинбей, милдетин аткаруучу болуп, жер реформасын жүргүзгөнү үчүн ушул күнгө` чейин “шыбагасын” жеп келатат.
Кыргызстанда 504 колхоз, совхоздор бар эле, ар бир колхоз,совхоздордо маяна алып кол жоорутпай иштеген көптөгөн вакансиялар боло турган. Мейли, миллионер колхоз, совхоздор өздөрүн-өздөрү багып кетишсин, ал эми көпчүлүк колхоз, совхоздор мамлекеттин мойнуна чап минип, мамлекет каржылап турган.Тешик бюджет менен калган мамлекет булардын барын каржылай алмак эмес. СССР убагында Кыргызстанда койлордун башы он жарым миллионго жеткени менен 1994-жылы жарымысына түшүп калган. Парламент тарабынан айыл чарбасына реформага каршы тикесинен –тик турган. Ооба, көптөгөн жаңы түзүлгөн мамлекеттерде колхоз, совхоздорсакталып калды. Алсак коңшулаш Өзбекстанда колхоз, совхоздорсакталганы менен колхозчулардын ал-ахыбалы “мышык ыйларлык” абалга келип, элдери талаадан машак да тере албай калышкан. Кыргызстанда деле абал оорлоп пахта, тамеки, эт-сүт алуу төмөндөп. 1993 -жылы колхоз, совхоздорго мамлекеттик бюджет тарабынан авансыланып акча берилген. Ошол мезгилде Бекболот Талгарбеков жеңин түрүнүп бул ишке чамынып кирген. Бекболот Талгарбековдун жер реформасы боюнча жайыттан тышкары айыл чарбасына жарактуу жердин 75 пайызы айыл элине бекер 49 жыл мөөнөткө таратылып берилген. Ал эми колхоз, совхоздордун мүлктөрү да бөлүнгөн. Коомчулук бул реформага бут тосуп “Талгарбеков айылды талкаламай болду” деген кеп чыккан. Кыргызстанда айдоо аянты аз гана санда 1 миллион гектардан бир аз ашуун жер бар. Жер бир гана жерди иштеткендерге берилбестен Бекболот Талгарбековдун реформасы боюнча калыстык кылынып, бардык айыл элине бирдей кылынып бөлүнүп берилет. Жер үлүштөрүн иштегендер да,иштебегендер да, наристелер да, пенсионерлер да, мугалимдер да, дарыгерлер да бирдей алышкан. Канча өлчөмдө жер үлүштөрүн алары, ошол колхоз, совхоздордун жерине байланыштуу болгон. Жерди бөлүштүрүү тынч болуп өткөн. Ушул жерде Бекболот Талгарбековдун реформасынын бир кемчилиги оркоюп көрүнүп турат. Жерди бөлгөн соң майдалап ар кимге бөлүп жибербей кооперативдерди ошондо эле колхоз, совхоздорбөлүнөр менен түзсө болмок. Жерди иштеткендер, мал баккандар, баягы эле алдым-жуттум жетекчилер жакшы жерлерге,жакшы сарайларга, жакшы техникага ээ болушуп, көпчүлүк тишинин кирин соруп кала берди. Баягыдай жардам бере турган колхоз, совхоздор жок, айыл элинин бай, кедейге бөлүнүүсү башталды. Ал эми канчалаган жылдар өтсө да кооперативдерди уюштурабыз деген кеп натыйжасы жок калды. Жеген токочтору жоктор жерлерин сатып да бүтүштү.
Бекболот Талгарбековдун реформасынын негизинде мал сарайлары, малы менен менчикке бөлүнүп кетти. Негизи бул реформанын багыты боюнча атайын тейлөө боюнча кооперативдер түзүлүш керек эле. Бирок, көпчүлүк чарбаларда техника, тейлей турган башка нерселер бүт менчиктешип кете берди. Көпчүлүк жерде колдоого алына баштаган жер реформасына өзгөрүүлөр кирип жерди пайдалануу 49 жылдан 99 жылга узартылган.
Бекболот Талгарбековдун реформасынан улам дыйкандар базардын талабы боюнча иштеп, мамлекеттик пландуу заказ берүү токтотулуп, мамлекеттик сатып алуу жүргүзүлө баштады. Ушундан улам да дыйкандар бир жылы жалаң картошка айдап, картошканын наркы түшүп кетип, көп убара болушту.
Эгер Бекболот Талгарбековдун реформасына чейин чарбалар бюджетке салыктын 13 түрүн төгүп турса, эми дыйкандар жер салыгын жана Соцфондго төлөмдөрдү гана төгүп калышкан. Тоолуу райондор үчүн салыкка жеңилдиктер берилип салыктын жарымы гана төлөнүп калган. Салыктын мындай жеңилдеткен түрү дыйкандар үчүн аба менен суудай керек эле. Биз жогоруда сөз кылган 504 колхоз, совхоздордун ордуна 80 миң дыйкан чарбасы түзүлгөн. Бирок көпчүлүгү сатып жибергенден улам, бул сан да азайып калган сыяктуу.Бекболот Талгарбековдун реформасына таянып 2 жарым миллион айыл эле жер үлүштөрүн алышкан, бул жер үлүштөрү 99 жылга эсептелинсе, кийин мыйзамдын негизинде дыйкандардын жеке менчигине айланды. Ушунун негизинде дыйкандар жер үлүштөрүн банк жана башка Каржы институттарына “залогго” койо алышат. Эгер дыйкандар өз учурунда алган акчаларды төлөй алышпай калышса, банк алардын жерин алып, алты айдын ичинде башка дыйкандарга сатууга укугу бар. Мамлекеттик жерлерди ижарага алуу конкурстардын негизинде ишке ашат. Жерди сатып алууда чек коюлган, адам башына 50 гектар жерден ашпашы керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg