www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү, анда Өкмөттүн жакынкы келечектеги ишинин негизги багыттары белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
 
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн жаңы курамы алдында кыска мөөнөттө ар бир сектордо, тармакта реформа жүргүзүү боюнча жоопкерчиликтүү милдет турат, мында аталган өзгөрүүлөр жарандар үчүн сезилерлик болуп, алардын жашоо деңгээлин жакшыртуучу жыйынтыктарды бериши зарыл.
 
«Алдыда чоң өзгөрүүлөр турат, масштабдуу социалдык, экономикалык жана технологиялык милдеттерди ыкчам чечүү зарыл. Коомчулук бизге чоң ишеним артууда», - деди Улукбек Марипов жана жуманын соңунда мамлекеттик ведомстволордун түзүмүн бекитүү боюнча иш жыйынтыкталаарын кошумчалады.
 
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон беш жарлыкты ырааттуу аткаруу боюнча иш башталды.
 
«Президент биздин алдыбызга ишкерлердин жана инвесторлордун менчигин коргоо жана аларды колдоого алуу, тоо-кен тармагын реформалоо, жаңы кадр саясаты, миграциялык саясаттагы, инсанды рухий-нравалык жана дене-тарбиялык жактан калыптандыруу жаатындагы реформалар  боюнча конкреттүү милдеттерди койду. Аларды ишке ашыруу бийликтин бардык деңгээлиндеги мамлекеттик башкарууга карай жаңы мамилени талап кылат, мында ачык-айкындык жана калк менен түз пикир алышуу маанилүү болуп саналат»,- деди Өкмөт башчы.
 
Ал кошумчалагандай, Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү «Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок» санариптик форумунун жалпы сессиясына катышкан.

«Биздин коңшуларда санариптик технологияларды өнүктүрүү жогорку деңгээлде. Расмий документтерди берүүдөн тарта коомдук транспортто акы төлөөгө дейре барык мамлекеттик тейлөөлөр санариптештирилген. Биз алга умтулуубуз керек. Бардык мамлекеттик тейлөөлөрдү санариптештирүү боюнча иштер өзгөчө көзөмөлдө болушу зарыл», - деди Улукбек Марипов.
 
Мындан тышкары, Премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө, жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алуунун, ошондой эле учурдагы ченемдик-укуктук актылардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү боюнча иштин маанилүүлүгүн белгиледи.
 
«Ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууда алардын кайталанышын четтетүү боюнча комплекстүү ишти жүргүзүү зарыл.  Документтердин санына эмес, сапатына көңүл буруу керек», - деди ал.

Жыйынтыгында Улукбек Марипов Өкмөт Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө бардык күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды жана Өкмөт Кыргыз Республикасынын элинин жана Президентинин ишенимин актоо үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости