www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өрттөрдүн саны күн санап өсүп жатканы, техника жаңыланбаса бул көрсөткүчтөр кейиштүү абалга алып келиши мүмкүн экендиги ӨКМдин жыл жыйынтыктаган коллегиялык жыйында айтылды.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 2 миң 778 өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 578 млн 450 миң 837 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Мындан улам, өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча үгүт- насаат иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана куткаруу иш чараларына 2020-жылы 68 млн 923 миң сом акча каражаты сарпталган.

Коллегиялык жыйындын соңунда ӨКМдин 30 жылдык жана Өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөнүнүн 95 жылдык мааракесине карата даярдык көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости