www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев Лондондогу баалуу металлдар базарынын ассоциациясы «Кыргызалтын» ишканасынын алтындарын сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу чечими боюнча суроолорубузга жооп берди.

- Лондондогу уюмдун «Кыргызалтынга» карата чыгарган чечиминен кийин Кыргызстан алтынды дүйнөлүк баада сата албай калабы? Кооптонууларга негиз барбы?

- Чынын айтканда, бул жерде эч кандай маселе жок. Лондондо сата албаса башкага сатат. Биздин өзүбүздүн банкка катып койсо резерв болот. Ошол эле дүйнөлүк баада сатуу мүмкүнчүлүктөрү толтура. Алтын кайсы жерде болбосун баалуу металл.

Анын наркы ар дайым жогору турат. Тескерисинче, Лондон биржасынын баалары туруксуз, алтын көбөйүп кетсе баа көтөрүлөт, айрым учурларда түшөт.

- Башка кайсы жакка сатса болот, баасы арзан болуп калбайбы?

- Мисалы, Кытайдан, Россиядан товар ала турган болсоң, алтындын азыркы рыноктогу баасы менен эсептешесиң. Ушундай соода жүгүртүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн. Алтын деген – бул өзгөчө акча да. Лондон «сата албайсың» десе эле отуруп калмак белек?

Бул жерде эч кандай көйгөй жок. Керек болсо Кытайдын же башка күчтүү өлкөлөрдүн банкына салып коюп, алтын менен эсептеше берсе болот. Алтын – түбөлүк байлык. Паникага түшүүнүн кереги жок.

- Бирок, бул күтүлгөн эле нерсе беле?

- Лондондон саттырбай, жөн эле дүрбөлөң кылып жатышат. Саттырбаса койсун, Лондондон саттырбаса Нью-Йорктон сатат, НьюЙорктон сатпаса Шанхайдан сатат. Айырмасы жок. Сатпай эле өзүбүздүн Улуттук банкка катып койсо болот. Каржылык жактан сабатсыз, ортодо Кумтөргө болушумуш эткендер ызы-чуу түшүп жатышат.

- Бирок, тийешелүү мамлекеттик мекемелер кырдаалды жөнөкөй тил менен түшүндүрө албай жаткандай...

- Баардык эле акылы тунук адамдар муну жакшы түшүнүшөт. Алтынды үйүңө катып койсоң зыяны жок. Ал евро, доллар, фунт стерлингге караганда ишенимдүү товар. Он же бир жылдан кийин сатсаң дагы болот. Алтынды алам дегендер толтура.

- Ушул кырдаалда атамекендик зергерчиликти өнүктүрүүгө болобу?

- Албетте болот. Зергерчиликти өнүктүрүү максатында алтынды өзүбүздүн балдарга берип, өндүрүлгөн продукцияны Тажикстан, Өзбекстан, Кытайга сатсак пайдалуу. Баасы эки-үч эсе өсүп кетет.

- Лондон уюмунун мындай чектөөлөрүнөн кийин Кумтөргө сырткы башкаруу киргизүүнү сынга алгандар көбөйдү.

- Тоо-кендерди өзүбүз казсак балдарыбыз иштейт, жумуш орундары түзүлөт. Байлыктарды экспортко чыгарабыз. Доллар көбөйөт. Аныгында, өзүбүз иштеткенибиз жакшы. Кыргызстандагы баардык тоо-кен өнөр жайы союз учурунда чалгындалып бүткөн. Ага Советтер союзунун акчасы кеткен.

Эми мунун баардыгын өзүбүз иштетүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок, спекулянттар ар кимге сатып, ортодон акча өөнөп отурушуп, абийирин кетиришкен. Бул тармакта өзүбүздүн күчтүү кадрларыбыз жетиштүү. Жок жерден көйгөй жаратып эмне кереги бар?

Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводубуз иштеп жатат, Тогуз-Тородо алынган алтындар дагы ушул жактан иштелип чыкчу. Ошол аффинаждоочу заводду кайра чоңойтуп, реконструкциялап же башка жерге куруп койсо болот. Ал үчүн бир аз аракет, кичине акыл керек. Кумтөрдү алдыкпы?

Алдык. Эми иштет, аракет кыл. Алтын деген алтын, аны Улуттук банкка алып келип катыш керек. Кандай гана учур болбосун мамлекеттик резерв болуп турат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости