www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын сөөгүнө экспертиза дайындалып бүтүп, айылына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Аламүдүн райондук соттук-медициналык эксперт Арслан Качкынов маалымат булактарына билдирди.

--"Кыздын сөөгүнө экспертиза жасалып бүтүп, айылына алып кетишти. Алдын ала жыйынтыктар боюнча кыз муунтулуп каза болгон. Себеби моюнунда тактар бар. Ал ак түстөгү аркан менен муунтулган. Себеби окуя болгон жерден ошол нерселер табылган. Эми жыйынтык бир айдын ичинде чыгат. Кыздын денесинде бир аз тактар бар.

Кыз менен бала унаанын арткы орундуктарында болгон. Машина бекилген, анын ачкычы баладан табылды. Милиция кызматкерлери анын айнегин талкалап киришкен. Ал эми бала моюнуна бир жолу бычак сайган. Кан көп кетип каза болгон. Кан кызга дагы чачыраган жана бычак баланын колунда болгон. Баланын жансыз денесине дагы экспертиза дайындалган", - деди Аламүдүн райондук соттук медициналык эксперт Арслан Качкынов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости