Айзаданын өлүмү: ИИМдин башчысы төртүнчү шектүү кармалганын билдирди
Кылмыш жана кырсык  |   |  2566

Айзада Канатбекованы уурдоо жана өлтүрүү боюнча төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Министр кармалган адамдын аты-жөнүн айткан жок.

«Бул кылмыш президенттин жана премьер-министрдин көзөмөлүндө», - деп кошумчалады Ниязбеков.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями