www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айжан Чыныбаева: «Бишкекте карантин чаралары киргизилбейт»

Бишкекте карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда шаардык штаб Бишкектин аймагына карантин киргизүү маселесин карай элек.

«Азыркы учурда коомдук жайларда санитардык нормаларды сактоону, атап айтканда, бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, санитардык тазалоону киргизүүнү көзөмөлдөп жатабыз. Ошондой эле ишкердик субъектеринин ээлеринин аталган нормаларды сакталышына көзөмөл күчөтүлөт», - деди ал.

Вице-мэр эпидемиологиялык абал начарласа шаардык штаб кошумча чектөө чараларын киргизүү маселесин карайт деп белгиледи.

Өз кезегинде КРнын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы адиси Айбек Оморов көптөгөн ишкерлер жана шаардыктар жөнөкөй эле санитардык нормаларды сактоону унутуп калышканын белгиледи.

«Өткөн жылы 3 миң 961 ишкердик субъекттери текшерилип, бузуу тууралуу 607 протокол түзүлгөн. Азыркы учурда ишкердик субъектеринин санитардык эрежелерди сактоосу боюнча рейддер уланууда», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости