www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айбек Дайырбеков Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. 

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 3-сентябрында кол койгон.

Айбек Дайырбеков 1979-жылы Бишкекте туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктап, кийин кинорежиссура жана сценарий жазуу багыттары боюнча адистешкен.

Ал кинорежиссёр, сценарист жана продюсер катары белгилүү. «Карек» балдар кино фондунун жана республикалык балдар-жаштар кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошондой эле улуттук «Ак Илбирс» киносыйлыгын уюштурууга катышкан.

Дайырбековдун белгилүү эмгектеринин катарына «Дарак ыры», «Эрмен жыты», «Кайык», «Ай бала» жана башка тасмалар кирет. Анын тасмалары эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Ал ошондой эле Berlinale Talent Campus программасынын катышуучусу болуп саналат.

Последние новости