www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков аны жетекчиликтен алуу аракеттери көрүлүп жатканы тууралуу маалыматты четке каккан жок. 17-октябрда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал комитеттин кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чечимине кол койбогондуктан, мындан ары эмне кылыш керек деген суроо турганын, анын ичинде өзү боюнча да маселе талкууланып жатканын айтты.

"Мен комитеттин жыйындарын башынан аягына чейин регламенттин негизинде өткөрүп келатам. Комитетке документтер качан түштү, кандай документтер келди, так маалымат берем. Ал эми Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган болгондуктан, чечимди көпчүлүктүн добушу менен кабыл алат. Комитетте да ушундай эле тартип. Бардык процедуралар регламент менен болушу керек”, - деди Айдарбеков.

10-октябрда аталган комитет кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон.

Чыңгыз Айдарбеков өзү келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айтып, чечимин тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен түшүндүргөн.

Айдарбековдун сөзүнө караганда, Конституцияга ылайык, президент чечим кабыл алып, келишимге кол койсо, ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаты, аталган комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Чыңгыз Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын айткан.

Последние новости