www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо багытында окуу процессин оптималдаштыруу максатында жаңы эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылына уруксат берүү институтунан билдиришти.
Жаңы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми курсанттар үчүн практикалык айдоо сааттары кыйла кыскартылды. Башкача айтканда, В жана С категориялары боюнча практикалык сааттардын көлөмү 70 сааттан 30 саатка азайтылды. Ал эми кайра даярдоо (башка категорияга өтүү) боюнча практикалык сабактар 16 саатты түзөт.
"Жаңы эрежеге ылайык, сааттардын кыскарышы жөн гана убакытты үнөмдөө эмес, курсантты жоопкерчилигин жогорулатуу менен коштолот. Практикалык сабактар бардык курсанттар үчүн аралык тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин гана жеткиликтүү болот. Курсант тездетилген окутуунун алкагында өзүнүн теориялык билимдерин (жол эрежелерин) толук тастыктагандан кийин гана рулга отурууга, тактап айтканда, практикага коё берилет", — деп билдиришти институттан.
Белгиленгендей, каалоочулар үчүн стандарттык окуу программасы толук көлөмдө сакталат жана ал белгиленген талаптарга толугу менен жооп берет. Бардык практикалык сабактар айдоочуларда коопсуз айдоо боюнча ишенимдүү көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган.