www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байкасаңыздар... айрыкча акыркы учурларда коомубузда «коркунучтуу» көрүнүштөр кадимкидей эле көбүрүп-жабырып бараткандай. Көчөлөрдү, эл жүргөн транспортоду, базар жана башка жактарды карагылачы. Карачечекей эле кыргыздын таптатынакай болгон барчын кыздарыбыз эзели кыргыз кызы кийбеген, эзели кыргыз салтында жок капкара чүмбөттөрдү чүмкөнүп алып жүргөндөрү арбып баратат(?) Көрүп алып жүрөк «зырр» дейт! (же мобу эки сүрөттү эле карасаңар, улуттук кийим эле кандай кунарлуу көрүнөт, ээ) Анан... кезинде пролетариаттын башчысы Лениндин: «дин-бул адамдын башын айлантуучу апийим» дегени ушу го деген ой келет...Кээ бирлерибиз «бизде дин саясаттан тышкары» деп жазылган деп сооротушканы менен «накта саясат», накта «диний идеология» кадимкидей эле боркулдап аткандай түр.

Мамлекет башчы С.Жапаров тээ алгач “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгын чыгарбады беле. Бирок, андагы «адеп-ахлактык» деген жерин «молдокелерибиз» оюп алып, учурда азыр каалаган «нерсесин» кылып аткандай элес тартылат.

«Үч аялым бар, төртүнчүсүн издеп атам» деген, пайгамбар жашынан өтүп калган Өзүбек ажы Чотонов деген немеси мектептерде улуттук ар-намысты кемсинткендей эле тариздеги «сабагын өтүп», аны менен кошо болгондо да ММК аркылуу («Жаштар сүйлөсүн» аттуу теле көрсөтүүдө) өзүнүн радикалдык-диний миссиясын таңуулап кетти, жакында. Таңуулап да жатат! Ушул сыяктуу көрүнүштөрдү көрүп алып билинбегендей сезилгени менен, коомубуз түз эле «халифатты» көздөй беттеп бараткан жокпу деген санаркоо мээге кадалат.

Алмаз Кулматов аттуу жигитибиз айткандай: «азыр биздин коомдо өзүнүн ишенген динин айтып, өзүнүн кыргыз экенин айткысы келбегендер улам калыңдап баратат...». Ансыз деле фундементализм менен радикализм ааламга кучагын кең жайып баратканда мындай «отко» эртең биз да кептелип калышыбыз мүмкүн...

С.Н.Жапаровдун «Улуттук нарк» жөнүндөгү дагы бир Жарлыгына күбө болдук. Аталган жарлыкты негизинде өлкө башчысы 1-сентябрга чейин “Улуттук наркты сактоо жөнүндө” программа иштелип чыгарылышы керек деген шартты да койду. Ошондо жогорудагыдай жоруктардан улам бул жагы кандай болуп калат? Кой терисин жамынып алгандай болгон андай диний «аракеттер» түпкүлүгүндө президенттин ушул эки Жарлыгын өз кызыкчылыктарына карата эпчилдик менен ыңгайлаштырып отуруп акыры ал Жарлыкта айтылган Улуттук наркты дискредитациялоого алып барбайбы?

Айтпай эле койойун, теңелбей эле койойунчу «ошого» дедим эле, бирок ушундайда унчукпай туруп алуу көөдөнгө жай бербей койду. Дейин дегеним, Кыргыздын улуттук наркына түк сыйбаган, өйдө жакта айтылгандай коркунучтуу көрүнүштөргө Мамлекеттик катчы темир калкан, жебе, учтуу найза болуп турушу керек эле! («Айтыңызчы, Кыргыз Улуттук идеологиясынын башында турган жетекчи катары жогоркудай жоруктарга сиздин оюңуз кандай?» деген маанайдагы суроо суурулса, «мен андай суроого жооп бербей эле койойунчу, жооп берүүдөн качтым деп» «качып» кетип атат.) Тескерисинче, улуттук наркка ыгы келбеген андай көрүнүштөрдүн ар бирине маани берип, керек болсо кынына киргизип туруу ошо кишинин таптак, түптүз милдети эле! Антүүсүнө Баш мыйзамыбыз болгон Конституция олчойгон укук берген. Биз кеп кылган Дин комиссиясы да, ага кошулуп Эне Тил комиссиясы да ал кишиге мыйзамдуу түрдө түп-түз баш ийет.

А мамкатчы «сухой» демогогиясын сүйлөгөндөн башка кыйратып не иш кылып атат? Бүтүндөй Улуттун идеологиясынын тагдырын колуна мыкчып алып, көз айнегин улам оңдоп мамык ордуна манчыркап, ага карата ачык сын айтып койгондордон туура натыйжа чыгаргандын ордуна, тескерисинче биз сыяктуу «тили ачуу шүмшүктөрдү» жамандатып атат.(на лево, на право) Чычалап, болбой эле өзүн мактатып атат айрым ММКларда.

Баса, дагы бир жорук. Акчасы ашып-ташып, аны кайда жумшаарын билбей аткансып эми КРнын Баш муфтийаты жөн турган борбордук мечити талкалап, анын ордуна заманбап жаңы мечит курабыз деп жар салып чыкты.Эл батпай атат деген шылтоону бетке кармап. Чөнтөгүбүздөн бир тыйын да кетпейт, аны демөөрчүлөр салып берет дешип. Бирок...Ошол «бироктун» артында чо-оң «бир ок» жатат.Себеби, бекер сыр капканда гана болот. Же, бизде эмне мечит азбы?

Ырас, «качкан да, кууган дагы Кудай дейт» дегендей баарыбыз Жараткандын пендесибиз. Бирок, Жаратканымды тааныш үчүн сөзсүз түрдө эле жайната мечит салып, сакал коюп, салт-санаабызда жок арабдардын дамбалын кийип алышыбыз керекпи? Жараткан- ар бир адамдын көкүрөгүндө, көөдөнүндө! Беш маал намазка жыгылбасак да, Жума намазга биз да барып турабыз. Ушундайда алп акыныбыз Шайлообек Дүйшеев агайыбыздын чындыктын ачуу сыясына малынган төмөнкү ыр сабы аргазыздан эске келет:

Акыйкаттык арзын айтып жалганга,

Арман-муңдун тарпы жатат ар кайда.

Айланууда кыз уланы Кыргыздын,

Мечити бар Мекени жок балдарга.

 

Каада –салтты жолбун иттей атышкан,

Жин каптады Чыгыш менен Батыштан,

Кан Манастын тукумубу ушулар,

Календер баш, даки чалма, даки ыштан ...

Кенжебек Арыкбаев, эркин журналист

Последние новости