www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 14–17-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери тарабынан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Нарын облусундагы билим берүү уюмдарында көчмө мониторинг жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында Кочкор жана Ат-Башы райондорунун, ошондой эле Нарын шаарынын мектептери камтылып, шаардык жана айылдык билим берүү мекемелериндеги абал комплекстүү бааланды.

Мониторингдин жүрүшүндө жеткирилген компьютердик жабдуулардын колдонулушу, «Санарип Кампа» жана «Күндөлүк» санариптик платформаларынын киргизилиши, техникалык инфраструктуранын абалы жана санариптик ресурстардын окуу процессине интеграцияланышы талдоого алынды.

Ошондой эле мугалимдерге жана IT-адистерге усулдук жана консультациялык колдоо көрсөтүлүп, санариптик инструменттерди колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилди. Жыйынтыгында жабдуулар максаттуу пайдаланылып жатканы жана санариптик чечимдер этап-этабы менен билим берүү процессине киргизилип жатканы белгиленди.

Последние новости