www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Арыбаңыз Айнагүл эже! Айтсаңыз, жолдошуңуз Темиралы Маймашов менен кайдан таанышып, кантип баш кошуп калгансыздар?

– Бар болуңуз! Темиралы экөөбүз Оштон таанышып, кийинчерээк баш кошконбуз. 1978-1998-жылдар аралыгында бактылуу өмүр сүрдүк. 20 жыл ичинде беш балалуу болдук. 1995-жылдан тарта жолдошумдун кыял-жоругу өзгөрүп, барган сайын башкача боло баштады.

Анын ойнош күтүп жүргөнүн билсем дагы билмексенге салып, балдарым үчүн чыдап жашап жүрдүм. Акырында ашынып кеткенинде урушуп-талашып отурбай, акырын эле төркүнүмө баса бердим. Ошондон кийин кайра артыма кайткан жокмун.

– Чогуу түтүн булатып беш балалуу болгончо кандай жашачу элеңиздер?

– Темиралы башынан эле кино тартууга кызыкчу. “Кино тартпасам болбойт” дегенинен макул болуп, тапкан-ташыгандарымдын баарын берчүмүн. Мектепте ашыгы менен иштеп, андан келип тамеки эгип, айтор, Союз маалындагы болгон жумуштардын баарын кылып, айлыгымды көтөрүп келип берээр элем. Андан тышкары, Темиралыга машина алып берип, материалдык жактан камсыздай алдым.

Албетте, ал дагы тапкан-ташыганын ортого алып келип жүрдү. Кийинчерээк Таш-Көмүргө көчүп келгенибизде “Бир кыз сонун ырдайт экен, ошону тартайын деп жатам” деп калды. “Тартсаң тарта бер” дедим. Жолдошум эмне кылып жүргөнүн сезип жаттым, бирок сезгенимди мойнума алгым келбеди.

Себеби, “20 жыл жашап, 5 балалуу болгондон кийин ажырашып кетем” деген ой келбеди. Баардык оюмду жакшылыкка гана жооруп, жакшы гана нерселерди ойлоп жүрө бердим.

– Демек, жолдошуңуз ойнош күтүп жүргөнүн билипсиз да?..

– Ооба, билгем… Негизи эле адам баласы ким бирөөгө күнөө коёрдо “Мен эмне кылдым?”, “Ал эмне кылды?” деген суроону өзүнө берип, таразага салып көрүп, сын көз караш менен карап, баам берет экен.

Менин эң чоң жаңылыштыгым “Темиралы үйлөнүптүр” деп укканымда Жумагүл экенин билген эмесмин. Аны сезсем да “Жумагүлдү аялдыкка алат” деген ой башыма келген эмес.

Ал Темиралыдан мурун 3-4 күйөөгө тийип чыккан экен. Жумагүлдүн биринчи күйөөсү Акыл Асанов, экинчи күйөөсү Демир, үчүнчүсү Темир. Төртүнчү күйөөсү ким экенин билбейм.

Жолдошумдун күндөшүн “Менден жаш, менден сулуу” деп элестеткем. Бирок андай деле эмес экен. Ал аялды алгандан кийин менде кандайдыр бир жийиркенүү пайда болду.

Ажырашкан соң чынында бир аз кыйналдым. Мен эле эмес, ошол жылдары бүтүндөй Кыргызстандын эли кыйналып жаткан. Ага мен арызданбайм. Бул турмуш мектеби.

Кыйынчылыктан сынбай, алдыга умтулуп, тажрыйба топтоп, жакшы жакка өнүктүм. Бул сыноо мени бышырды. Пайдалуу жагын кабыл алып, позитивдик жашоо менен бутума туруп кеттим.

– Темиралы мырза кийинки турмушундагы аялы менен ооруп калган соң ажыраштыбы?

– Сөздүн чынын айтайын, Темиралы ооруй элегинде мындан 7-8 жыл мурун эле Жумагүл экөө чогуу жашабай калышкан. Менин жеке таарынычым, ушул кишинин тагдыры оор болуп жатканында… Аял киши болсом да ажырашкандан кийин балдарым үчүн башымды көтөрбөй иштеп жүрүп, заңгыратып үй салып, шаардан чоң үй алып, баламды бөлүп койдум.

Жолдошумдун айынан жаштыгым текке кетти. Жаштыктын жыргалчылыгын көрбөй, “балдарымды багам” деп жүрүп убакыттын кандай өтүп кеткенин деле билбей калыптырмын. Өзүм теңдүү курбуларымдан да кыйла артта калдым.

– Негизи ажырашкандан кийин аял-күйөөнүн ортосундагы мүлк экиге бөлүнөт эмеспи, ал жагы кандай болду?

– Үй талашуу боюнча айта турган болсок, мен төркүнүмө кетип калгандан кийин кайра артка кайткан жокмун. 2-3 жолу коңгуроо сокконум менен майнап болбоду. Кийин “Булардын деңгээлине түшпөйүн” деп жайына койдум. Жумагүлдүн Алмаз аттуу уулу мен сатып алган үйдө жашап жүрдү. Кийин шаардык кеңешке депутат болду.

Айылдагы үйдү дагы Жумагүл Темиралынын тилине кирип саттырды. Ал туурасында кызыгып деле сурабадым.

– Үй деп калдык, кечээ Жумагүл айымдын кызы Айнура Асанова күндөшүнө таандык үйдү талашып жүргөнү туурасында интернет баракчаңызга жазып чыктыңыз…

– Ооба, мындай билдирүүнү жазгам. Айнура менен күндөшү (ойношунун аялы) туурасындагы маалыматты ютуб тармагынан кокусунан көрүп калдым. Анын үстүнө мен сатып алган үй күйөөмдүн ойношуна (Ред.: Жумагүлгө) өтүп кеткен. Ал үйдү кайын эжемден сатып алгам.

Айнуранын окуясында анын энесинин окуясы кайталанып жатпайбы… Өзү ойнош болсо, анын мыйзамдуу аялынан үй талашып жүргөнүн кандай түшүнсөк болот?..

– Темиралы мырзанын ооруп калышынын себеби эмнеден улам болду деп ойлойсуз?

– Темиралынын катуу ооруп калышына Жумагүл себеп болду. Өз канынан жаралган беш баланы ойношу Жумагүл менен анын кызы Гүлнур Асановага алмашып, аларга таянып жүрүп жолдо калды. Ошол кезде сыгылып жүрүп канты көтөрүлүп кетиптир. Ал аз келгенсип, бутунда ириң да пайда болуптур. Бизге келе албай же тигинисине бара албай турмуштун катуу соккусун алды. 5 баласын аларга алмаштырып барса, алар пайдаланып туруп чыгарып коюшту. Темиралынын арты менен адам болуп, буттан туруп алышкан соң карап да коюшкан жок.

– Темиралы мырза азыр сиз менен жашайт экен. Мурунку жолдошуңузду кайрадан кабыл алуу оңойго турбаса керек…

– Темиралы экөөбүз 23 жылда бири-бирибизге жат, чоочун болуп калыптырбыз. Узак жылдардан кийин кайрадан менин үстүмө келиши экөөбүзгө тең оор болуп жатат. Жакшыбы, жаманбы балдарым үчүн кайрадан кабыл алдым. Анын аялы катары эмес, балдарымдын атасы, жаңылган адам катары 2003-жылы кечирдим…

– А эмне үчүн ажырашкандан кийин турмушка чыккан жоксуз?

– Чынында турмушка чыгуу же жигит жандоо оюма келген эмес. Себеби, “Бүгүн эмне жейбиз, а эртеңчи?” деген катаал күндөр өткөн. Беш балам үчүн гана жашадым.

– Ушундай ойго келгис оор окуя болуп жатса, депрессияга кабылсаңыз керек. Стресстен кантип чыгып кеттиңиз?

– Катуу депрессияга түшүүгө убактым болгон жок. Балдарым менен жумушум депрессияга жакын болууга уруксат беришпеди. Жашоомдо болгон бактысыз да, бактылуу да күндөрүмө ыраазымын. Азыр бизде баары жакшы. Балдарым ыймандуу, акылдуу жана билимдүү болуп чоңоюп, минтип атасын да кечирип, багып жатышат. Баары үчүн Кудайга шүгүр.

– Балдарыңызды жалгыздыгыңызга карабай абдан жакшы тарбиялапсыз. Ушул кезге чейин жок дегенде бир жолу Жумагүл менен бетме-бет кезигип, сөзгө тартып көрдүңүз беле?

– Ошол кезде Гүлнурдун апасына (Ред.: Жумагүлгө) “- Сен дагы энесиң, мен дагы энемин. Сенде да бала бар, менде да бала бар. “Эркек” деген “эркек”… Сен үч илтик оюндан чыгып кетсең Темиралы ордунда калат. Ага сен “повод” берип жатасың.

Үй-бүлөнү сактап калыш үчүн ар бир аял аракет кылышы керек. Келегой, “Женская солидарность” кылып, жакшынакай чечели. Мен балдарымдын атасы болгону үчүн гана сенден суранып жатам. Болбосо, Темиралы сени тандагандыктан суранбайт дагы, сөз кылбайт дагы болчумун.

Бирок балдарым үчүн эне катары айтууга акым да, милдетим да бар. Оюндан чыгып кет!” – деп бир айттым. Ал ага да көнбөдү… Акыры Жумагүлдүн туура эмес кадамдары биздин үй-бүлөнүн урашына алып келди.

Жумагүл баарын билип, баарын көрүп туруп, ушул кадамга барды. Албетте, жакшы тарбия көргөн жердин кызы болсо жакындаган эркекти “Кой, сенин балдарың бар, алардын убалына калбайын” деп жолотпой коймок…

Канчалык сокку жеп, жабыр тартып турсам да “Балдарымды тирүүлөй жетим калтырбайын” деп алардын бактысын тандап, ошол кезде көзүмө чөп салып, ойношун жетелеп жүргөн жолдошумду кечирип, турмушумду улантып кетүүгө даяр турдум.

Балким, азыр тууган-туушкандардын алдында ушул үчүн жүзүм жарыктыр… Бирок Темиралы беш баламды ойношу менен “жылдыз кылам” деген Гүлнур Асановага алмашып, басып кете берди…

Булак: Zobolo.kg

Последние новости