www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына утулуп калды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында кытайлык Жуан Ванг менен килем үстүнө чыкты. Медет кызынын бутка өтүү ыкмасын Ванг ишке ашыртпай, 7:1 эсебинде жеңип алды. Эгер Жуан Ванг финалга чыкса, анда Айпери Медет кызы көңүл жубатуучу кармашка чыгат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда эки медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости